Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Ош облусу, Ош 25.04.2019 13:47 На русском

60 жаштагы энени уулу менен күйөөсү токмоктоп, үйүнөн кууп чыгышкан

Иллюсрациялык сүрөт
Иллюсрациялык сүрөт

Turmush -  60 жаштагы Гүлипа апа (аты өзгөртүлдү, Ю.Г.) өз уулу жана жолдошу тарабынан токмоктолуп, Ош шаарындагы «Ак жүрөк» кризистик борборуна кайрылган. Бул тууралуу аталган борбордун жетекчиси Дарика Асылбекова билдирди.

Анын айтымында, Гүлипа апаны өзүнүн уулу жана жолдошу бир топ жылдардан бери сабап жүрүшкөн.

«Гүлипа апаны ур-токмокко алышып, үйүнөн кууп чыгышкан. Көп жылдардан бери моралдык жана физикалык жактан жабыркап, 1-топтогу майып болуп калыптыр. Күйөөсү башка аялга үйлөнүп алган экен. Эне үй-жайсыз калгандыктан бизге кайрылган. Кечээ, 24-апрель күнү бир туугандары келип, “чогуу бүтүрө турган иштерибиз бар эле” деп алып кетишкен. Бүгүн кайра борборго келет. Гүлипа апанын айтымында, күйөөсү колунда бар адам», - деди Дарика Асылбекова.

Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси Дина Анарбаеванын айтымында, учурда жактоочу күч колдонуу болгондугун далилдөө үчүн териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.

«Учурда ал аялдын баласы жана күйөөсү тарабынан сабалгандыгы аныкталууда. Жолдошу башка аялы менен жашайт экен. Мүлк бөлүшүүдө үй-бүлөлүк өз ара келишпестиктер болгону да айтылууда», - дейт Д.Анарбаева.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, милицияга сабалганы тууралуу эч ким кайрылган эмес. Бирок окуя боюнча териштирүү иштери жүргүзүлө турганын билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер