Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Жалал-Абад облусуТоктогул району 25.04.2019 13:02

Чычкан капчыгайында, Чоң-Ашууда кар көчкү түшүүсү мүмкүн

Turmush -  26-апрелден 28-апрелге чейин жаай турган жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кар көчкү Бишкек—Ош унаа жолунун 246-чакырымында (Чычкан капчыгайы, Көчкүлү-Булак тилкеси) жана Каракол—Эңилчек унаа жолунун 75-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) түшүүсү ыктымал. Жолдордун айрым тилкелери тайгак болуп, муз тоңот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×