Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Ош облусуӨзгөн району 25.04.2019 12:13 На русском

«Үйү жок же жери жок»: Үч жашка толгон өзгөндүк 3 эмдин жашоосу кандай? (сүрөт)

3 эм — Жаныш, Батма, Зуура
3 эм — Жаныш, Батма, Зуура
// Turmush

Turmush -  Өзгөн районунун Жылалды айылынын тургуну Майрамкан Кадыралиева 2016-жылы 3 эм төрөгөн. Наристелерге Жаныш, Батма, Зуура деген ысымдарды ыйгарышкан. Майрамкан айым учурда жолдошу менен 9 баланы тарбиялап жатат, деп билдирди аймактык кабарчы.

22-апрель күнү Өзгөн районунун акиминин орун басары Болотбек Дыйканов 3 эмден кабар алып келген. 3 эмдин чоң энеси Ризван Токтоболотованын айтымында, учурда баласынын өзүнүн үйү жок болгондуктан, алар 3 эмге жер алуу үчүн президентке чейин кайрылышкан.

«Баламдын 9 уул-кызы бар. Үйү да, жери да жок. Балдары менен биздин үйдө турушат. Жер алуу боюнча президентке чейин кайрылдым, бирок майнап чыккан жок», - деди Р.Токтоболотова.

Жылалды айыл өкмөтүнүн башчысы Рыспай Абдуллаевдин айтымында, аталган үй-бүлө орто жашаган үй-бүлөлөрдүн катарын толуктайт.

«Балдар жаңы төрөлгөндө айыл өкмөт тарабынан үй-бүлөсүнө 5 миң сом бергенбиз. 3 жылдан бери ай сайын жалаягын (памперс) алып берип жатабыз. Бул үй-бүлө орто жашаган үй-бүлө, жашоо шарты оор үй-бүлөлөрдүн катарына кирбейт. Азыр элдер балалуу болсо эле мамлекеттен бир нерсе үмүт кылып калышты. Илгери канча балалуу болсо дагы эч кимге арызданбай эле чоңойтуп келишкен», - деди Р.Абдуллаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×