Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Баракелде, Бишкек 25.04.2019 11:09

Шашылыш билдирүү: 28-апрелге чейин жамгыр жаап, тоолуу аймактарда үшүк жүрүшү мүмкүн

Turmush -  Бүгүн, 25-апрелде Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы сакталып турат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Жалал-Абад, Ош облустарынын тоо этектеринде жааган жамгыр карга айланышы мүмкүн. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши ыктымал.

25-27-апрелде күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүп, тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

26-28-апрелде түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде -1…-3° суук болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт.
Бишкек—Ош унаа жолунун 132-133-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 222-223-246-чакырымдарында (Чычкан капчыгайы) кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Жолдордун айрым жерлери тайгак болуп, муз тоңот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×