Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 25.04.2019 10:24 На русском

Ысык-Көлдө уран кенин чалгындоо иштери толугу менен токтотулду (видео, фото)

Turmush -  Тоң районунун Көк-Мойнок участкасында уран кенин чалгындоо иштери толугу менен токтотулду. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, өкмөттүн облустагы өкүлү Акылбек Осмоналиев, Тоң районунун акими Данияр Арпачиев, Ысык-Көл ОИИБдин башчысы Улан Асанбаев, Балыкчы шаарынын вице-мэри жана Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысы премьер-министрдин тапшырмасынын аткарылышы менен таанышып чыгышты.

Бүгүнкү күндө бардык оор техникаларга, имараттарга пайдаланылбаганы тууралуу «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясы тарабынан мөөр басылды. Тартипти камсыз кылуу үчүн милиция кызматкерлери тартылды.

Буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 22-апрелде «Кыргызстандагы ЮрАзия» ЖЧКсынын ишмердүүлүгү боюнча кеңешме өткөрүп, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун жана Нарын облусунун Кочкор районунун аймагында жайгашкан Кызыл-Омпол уран кенинин ишин экологиялык экспертиза аяктаганга чейин токтотуп турууну тапшырганын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×