Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Чүй облусу, Кара-Балта 24.04.2019 20:11 На русском

Кара-Балтанын четинен табылган челектеги ийнелерди тергөө иштерин жүргүзүү үчүн алып кетишти

Turmush -  Кара-Балта шаарынын түштүк жагындагы Ден соолук аллеясында ташталган темир челектин ичиндеги колдонулган медициналык ийнелерди Жайыл райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам иликтөө кызматкерлери тергөө иштерин жүргүзүү үчүн алып кетишти. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган башкармалыктын жетекчисинин орун басары Д.Бообеков, экологиялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспектор Ж.Байтереков, Жайыл райондук ооруларды алдын алуу мекемесинин бөлүм башчысы О.Лющакова, Кара-Балта шаардык мэриясынын кызматчылары, Жайыл районунун аймактык ооруканасынын медайымы жана Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү ичиндеги ийнелер төгүлүп жаткан темир челек турган жерге барышып, акт түзүшкөн.

Turmush басылмасы бүгүн, 24-апрель күнү Бишкек шаарынын четинен, тактап айтканда Кара-Балта шаарынын жогору жагында жайгашкан Ден соолук аллеясынын аймагынан жергиликтүү тургундар медициналык ийнелер салынган темир челек табышканын жазган. Челек эскирип, чирип калгандыктан анын ичиндеги ийнелер сыртка төгүлүп калган.

«Биз бир жолу колдонуучу шприцтердин ийнелерин таап алдык. Бул эмне болгон ийне жана бул жерде кантип пайда болуп калганы белгисиз. Медициналык таштандыларды ушинтип жок кылууга кимдин колу барды? Анын жанында балдар сейилдейт, ошондой эле аллеядан спорт сүйүүчүлөр чуркашат. Бул коркунучтуу эмеспи? Шприцтердин мурда колдонулганы көрүнүп турат, анткени алардын капкактары жок экен. Бир жагынан алар сындырылбаптыр. Негизи ооруканаларда колдонгондон кийин дароо сындырып салышат эмеспи. Балким алар ВИЧ же кургак учук оорулары менен жугузулган. Биз билбейбиз», - дешти Кара-Балтанын тургундары.

Алар ийне менен табылган челектин көлөмү 5 литрлик экенин кошумчалашкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×