Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Ош облусуКара-Суу району 24.04.2019 16:14 На русском

Кара-Сууда 19 жаштагы студент кыздын денеси табылды. Өлүмдүн версиясы

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Кара-Суу районунун 19 жаштагы тургуну өз батиринде асынып алганы айтылууда. Бул тууралуу өздүк булактар Turmush басылмасына билдиришти.

Алдын ала маалыматтарга караганда, 2000-жылы туулган Э.К. Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринде 3-курста окучу. Анын жансыз денеси Кара-Суу районунун Ишкаван айылындагы өзү жашаган батирден табылган.

Каза болгон кыз Кара-Суу районуна караштуу Мады айыл өкмөтүнүн Лаглан айылынын тургуну экенин аталган айылдын башчысы Адан Калматов тастыктады.

«Кызды унаа сүзүп кетиптир деп уктум. Учурда аны акыркы сапарга узатууга даярдык көрүлүп жатат. Кыздын 22-апрель күнү каза болгону айтылууда», - деди ал.

Маркум буга чейин Ош шаарындагы кафелердин биринде окуудан тышкары иштеп жүргөнү айтылууда. Учурда аталган окуя боюнча Ош облустук ички иштер башкармалыгы маалымат бере элек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×