Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Ош облусу, Ош 24.04.2019 15:35 На русском

Кызганыч, акча, зордуктоо: Ошто оор кылмышка шектелген 3 аял кармалды (сүрөт)

Ош шаары
Ош шаары
// Turmush

Turmush -  Ош шаарында 3 оор кылмыш иши катталып, аларга шектүү катары үч аял кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ош ШИИБдин криминалдык милициясынын жана жол кайгуул кызматынын батальонунун кызматкерлери оор кылмыштардын бетин изи сууй электе ачышып, шектүүлөрдү тергөө кызматына өткөрүп беришкен. Учурда кылмышка шектүү аялдардын үстүнөн сотко чейинки иликтөө иштери жүрүп жатат.

Маалыматка караганда, 18-апрель күнү Ош ШИИБдин жол кайгуул кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын 1978-жылы туулган тургуну кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Ал 17-апрель күнү өз үйүндө күйөөсү менен урушуп, көкүрөгүнө бурагыч (отвертка) менен сайып алган. Доктурлар күйөөсүнүн жанын сактап калышкан. Тергөөнүн алгачкы маалыматына караганда, кармалган аялдын күйөөсү аны үйүндө иштеп жаткан устадан кызганып, чыр чыгарган.

Ал эми 19-апрель күнү болжол менен саат 16:30 чамасында Ош шаарынын 1951-жылы туулган тургуну (аял киши) өз үйүндө бычакталып өлтүрүлгөн. Кылмышка шектүү катары анын 1974-жылы туулган кызы кармалган. Шектүү соттун чечими менен тергөө иштеринин алкагында 2 айга камакка алынган. Чырдын себеби — үй-бүлөдөгү каржы маселелери болгон.

Ошондой эле 22-апрель күнү Ош шаарына караштуу Учар айылындагы дачалардын биринен эркек кишинин жансыз денеси табылган. Аны ошол дачанын 1971-жылы туулган (аял киши) ээси бычак менен сайып өлтүргөнү аныкталган. Шектүү аял кылмыштын себебин «мени зордуктоого аракет жасаган» деп түшүндүргөн. Учурда ал соттун чечими менен тергөө аяктаганча 2 айга камакка алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×