Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Баткен облусу, Баткен 24.04.2019 14:34

Баткендин борбордук базарында өрттөн сактануу боюнча машыгуу өтүп, соодагерлерге эскертүүлөр берилди

Turmush -  Бүгүн, 24-апрелде Баткен шаарындагы борбордук базарда өрттөн сактануу боюнча тактикалык машыгуу өттү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, машыгуу учурунда базар ичиндеги атайын өрт өчүрүүчү унаалар жүрүүчү жолдун абалы текшерилип, өрт өчүрүүчүлөр тарабынан базардагы өрттү өчүрүү боюнча аракеттер көрүлдү. ӨКМдин кызматкерлери соодагерлерге базардагы өрт коопсуздук чаралары боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Машыгууга Баткен шаардык №26 өрт-куткаруу бөлүмүнөн өрт өчүрүүчү 2 унаа, 15 куткаруучу, коомдук тартипти сактоо кызматынан 7 кызматкер, медицина кызматынан 1 тез жардам унаасы менен 4 кызматкер, экологиялык техникалык коопсуздук кызматынан 2 кызматкер тартылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×