Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Чүй облусуСокулук району 24.04.2019 13:40

Поле Чудестеги түнкүсүн тонолгон кыз-келиндер же айыл баяны

Turmush -  Сокулук районунун Новопавловка айылындагы Поле Чудес конушу тууралуу укпаган, билбегендер көп. Ал борбор калаабыз Бишкек шаарынын түбүндө жайгашып, расмий түрдө аталыш берилген эмес. Союз убагында бул айыл Поле Чудес деп аталып келген. Азыркы учурда тургундар аны Баетов конушу деп атап жүрүшөт.

Аймактык кабарчы Поле Чудес же Баетов конушунан кабар алып, кезинде айылдык кеңештин депутаты, банк кызматкери болуп иштеген айылдын тургуну Алмазбек Адигенеевден айыл тууралуу маалымат топтоду.

Союз кезинде кызыл-тазыл гүл өскөн талаа болгон

- Поле Чудес деп тээ илгери союз учурунда эле аталып калган экен. Колхоз убагында бул жер уйлардын жайыты болгон дешет. Ар кайсы жери саз болуп, талаада кызыл-тазыл гүлдөр жайнап турчу экен. Ошол жерден өтүп бара жаткан орустар «чудо поле» экен деп айта беришчү дешет. Ошол бойдон эл арасында Поле Чудес деп аталып калды. Бирок расмий аталышы жок. Азыр биз борбордук көчөнүн аталышынан Баетов конушу деп атап жүрөбүз. Баетов көчөсү Фрунзе көчөсүнө барып такалат. Көчөлөрүбүздүн аталыштары расмий катталган эмес. Эл каттоого карата айыл өкмөттөн көчөлөрдүн аталышын тартипке келтиребиз деп айтып жатышат.

Караңгыда кыз-келиндерди тоноп кетишчү

- Жаңы конуштун жер тилкелери 2000-жылдардан баштап бериле баштаган экен. А, негизи эл 2004-жылдан баштап отурукташа башташты. Мен болсо 2003-жылы келдим. Ошондо бирин-серин тургундар бар болчу. Азыр эми эл көбөйүп, биздин конуш коопсуз болуп калды. Болбосо мурда караңгы көчөлөрдөн жумуштан кеч келген кыз-келиндерди тоноп кетишчү. Ошол кезде айылдагы жаш балдарды уюштуруп, кароол койгонбуз. Алар караңгы көчөлөрдү түнкү саат 23:00-24:00гө чейин кайтарып турушчу. Азыр болсо кыйла коопсуз болуп калды.

Маршруттук каттам жок, окуучулар коңшу айылдарга барып окуп келишет

- Айылда маршруттук каттам жок. Көйгөйлөрдүн эң негизгиси ушул. Мэрияга жана башка тиешелүү башкармалыктарга да бардым. Бирок маршрут маселеси чечилбей келет. Алгач жолуңар начар экен деп айтышканынан, ошол маршруттук каттам жүрө турчу жолду шагыл төгүп жасадык. Буга айыл өкмөт тараптан жардам болду. Жол бүткөндөн кийин деле маршруттук каттам келе элек. Азыр эми шаарга жаңы автобустар келет деп жатышат. Ошолор келсе башка каттамдагы маршруттар бошоп, бизге келеби деген үмүт бар.

Маршруттук каттамга чейин 2 чакырым жөө басабыз. Кышында окуучуларыбызга кыйын болуп кетет. Суукта 2 чакырым жерди басып, андан ары кичи автобуска түшүп кетет. Алар Киркомстромдогу №42 мектепке жана Новопавловкадагы Ч.Айтматов атындагы лицейине барып окушат.

15 жылдан бери айыл өкмөт эч кандай жардам бере элек. Болгону ушул маршруттук каттам жүрө турчу жолго шагыл төгүп жана трансформатор алууга жардам беришти. Ал эми электр чубалгыларды, электр карагайларды жашоочулар өздөрү акча чогултуп алышты.

Таза суу көйгөйү бизде дагы бар

- 2005-жылы АРИСтин жардамы менен 4 көчөгө суу кирген. Элдин көбү жерден өздөрү казып чыгарып алган сууну пайдаланып ичишет. Унаасы барлар көчөдөн ташып келебиз. Бирок таза суу боюнча айыл өкмөт жерди бөлүп берип, документтерин бүтүрүп берди. Эми эл өзү акча чогултуп, таза суу чыгарып алууну көздөп турабыз. Быйыл таза суу келет деп үмүт кылып жатабыз.

Жогоруда айткан маршруттук каттам жүрөт деген көчө гана шагыл менен жасалганы болбосо, калган көчөлөр адам эмес, мышык ыйларлык абалда. Бирок быйыл айыл өкмөтүбүз жолубузду оңдотуп беребиз деген пикирин билдиришти.

Айылда кызматта иштегендер жашабайт, эгер жашаса, эмдигиче оңолуп калат белек…

- Мен 60 жашка чыгайын деп калдым. Бизге окшогон курактагылар ашып кетсе жыйырмадай эле бар. Калганы 18 жаштан 35 жашка чейинки жаштар. Айыл жаңы түптөлгөндө төрөлгөн балдар 15 жашка чыгып калышты.

Тургундардын көбү Бишкек шаарына барып иштеп келишет. Мал кармагандар аз. Көбү базарда, жаш келиндердин күйөөлөрү Россияга барып иштеп келишет. Чоңураак кызматта иштегендер жок. Балким ошондой адамдар жашаганда конушубуз жок дегенде Ак-Ордо конушундай болуп, бир аздан оңолуп калат беле деп ойлойбуз. Баарыбыз эле карапайым тургундарбыз. Шаарга барганда көңүлүбүз ачылып калат. Кайра конушубузга келгенде өзүнчө бир ааламга түшүп калгандай болобуз. Жолдун баары ылай, көчөлөр караңгы…

Президенттерге кат жаза берип, акыры кагазыбыз ыйлап баштады

- Бишкек шаарынын түбүндө турабыз, бирок алыскы аймактарда, тоо арасында калган караңгы айылдын кейпиндейбиз. Акаевден баштап бардык президенттерге кат жазып келдик. Азыркы президентибизге гана жазган жокпуз. Улам эле жаза берсең, акырында кагаз деле ыйлап баштайт экен. Азыр айыл өкмөт башчы болуп жаш жигит келди. Андан үмүтүбүз чоң. Биздин конушка көңүл бурам деп жатат.

Бул конуш жалпы 11 көчөдөн турат. 600 чамалуу түтүн бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×