Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Баткен облусуБаткен району 24.04.2019 13:16

Баткенде 1 түндө кудуктардан 21 даана темир капкак уурдап кеткен адам кармалды (сүрөт)

Turmush -  15-апрелде Баткен районунда 1 түндө таза суу топтолуучу кудуктун 21 даана темир капкагын уурдап кеткен адам кармалды . Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кылмыштар Баткен районунун Кара-Булак айыл аймагынын Бужум айылында болгон. Баткен РИИБдин кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектелип Баткен шаарынын 41 жаштагы тургуну кармалды. Анын үйүнөн аталган кудуктардын капкактары табылды. Учурда бул факты боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×