Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Баткен облусуБаткен району 25.04.2019 09:28 На русском

«1 млн сомго жериңди сат»: Чек арадагы жерин коргогон Урулка апанын арманы, кеч ишке ашкан кыялы. Сүрөт

Turmush -  Тажикстан менен чектешкен Баткен районундагы Достук айылындагы чек ара тилкесине электр энергиясы тартылып, суу чыгарылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына маркум чек арачы Алимбаева Урулка апанын кызы Айниса Бостонова билдирди.

Анын айтымында, Урулка апа айылга суу, электр жарыгын тарттырууну көксөп жүрүп көзү өтүп кетти. Бирок анын максаты 1 ай мурда орундалды. Элетке 2 жыл мурда электр мамылары коюлуп, 1 жыл мурда зымдары тартылган. Бирок жарык берилген эмес. 1 ай мурда трансформатор орнотулуп, электр энергиясы берилди. Анын жардамы менен жер астынан насос аркылуу суу тартышты.

«Апабыз Достук айылы менен Тажикстан чектеш жерде жалгыз жашап, чек араны коргоп келген. Анткени 1 метр жерине да тажик тарапты киргизген эмес. Ал эми кошуналарынын баары суу жоктугунан, электр энергиясынын болбогонунан улам жерин таштап кетишкен. Азыр алардын жерлери Тажикстандын багына айланган. Анткени аларда суу бар эле. Апам көзү өткөнчө суу тартып келем деп чуркап жүргөн. Бирок көзү өтүп кеткенден кийин 2 жылдан кийин электр энергиясы тартылып, суу чыгарылды. Азыр 1 гектар жерди анын уул-кыздары көктөтүп, куураган бактардын ордуна жаңы көчөттөрдү отургузуп, апамдын максатын орундаттык», - деди Айниса айым.

Чек арачы Урулка апа ким эле?

Буга чейин 2016-жылдын январь айында Turmush басылмасы Тажикстандын Чор-Кышлак, Зумрат, Исфара айылдары менен чектеш Баткен районундагы Достук (мурунку Кара-Бак) айылынын 73 жаштагы тургуну Урулка Алимбаеваны жердештери чек арачы катары эсептеше тургандыгын жазып чыккан.

А 1

Ал өзү Turmush басылмасынын кабарчысына атасынан калган 1 гектар өрүк багы куурап калганына карабай, жерин ыйык тутуп сактап келе жаткандыгын билдирген.

«Коңшу тажик жарандары «жериңди сат» деп күн алыстан чоң суммадагы акча сунуштап келишет. Бирок ага менин абийирим жол бербейт», - деген Урулка апа.

А 4

2013-жылы Ак-Сайдагы тажик-кыргыз жаңжалынан кийин, тажик тарап Достук айылына өтүүчү жолду жаап, Урулка Алимбаевага тиешелүү 1 гектарга жакын үлүш жерге суу өткөрбөй коюшкан.
Ошентип тажик тараптан суу өтпөй калгандыктан Урулкан апа 5-6 жылдан бери жергиликтүү бийликтен 2 чакырым аралыктагы электр линиясын тартып берүүнү өтүнүп келе жаткан болчу.

«Алардын мындай кадамынын максаты суу жетпей, куурап калган өрүк бактарын өздөрүнө өткөрүп алуу болсо керек. Алар аталган үлүш жерге ээ болгон учурда ошол аймакка толук жайгашып калышына шарт түзүлөт. Натыйжада 1 гектар жердин артынан коңшу өлкөнүн жарандары 100 гектар жерди ээлеп алуусу мүмкүн. Анткени аталган аймактын чек арадагы өзгөчө стартегиялык орду бар. Электр тогу тартылса суу чыгарып алат элем. Эгер бул жер тажик тарапка өтүп кетсе, аталган аймактык 10 гектардан ашык сугат жерлери да коңшу өлкөгө өтүп кетет», - деген ал.

А 10

Урулка апа буга катар эле жергиликтүү бийлик «чек арачылар бар, ошондуктан тажик тарап өтө алышпайт» деп ынандыргандыгы менен иш жүзүндө буга чейин да ушундай жолдор менен тажикстандыктар кыргыздарга тиешелүү жерлерди ээлеп келишкендигин кошумчалаган.

Чек арачы апа атасынын жерин ыйык тутуп, тажиктерге сатпай жүргөнүн, бирок ыңгайлуу учур келсе же көзү өтүп кетсе, бул жерлердин тажик тарапка өтүп кете тургандыгынан чочулай тургандыгын айткан.

А 3

Чек арачы апанын 73 жашында көз жумган:

2016-жылдын 21-июнунда чек арачы Урулка апа көз жумгандыгы белгилүү болгон.

Жергиликтүү тургундар Урулка апа атасынан калган 1 гектар өрүк бакты тажикстандыктардан коруп, «чек арачы апа» деген атка конгондугун айтышкан. Жердештери ага тажик жарандары 1 млн сомдон ашык акча сунуш кылып, «карыдыңыз, эми жерди бизге сатыңыз» дегенине карабай, өмүрүнүн акырына чейин чек арада жашагандыгын эскеришкен.

А 2

Урулка апаны эскерүү:

Кийин Урулка апанын кызы Айниса Бостонова анын өмүр таржымалын айтып берген эле.

«Апам Урулка Алимбаева 1943-жылы 1-июлда Баткен районунун Кара-Бак айылында жарык дүйнөгө келген. Апам түйшүктүү, оор күндөрдү башынан көп өткөрдү. Үй-бүлөдө жалгыз кыз болгондуктан тайенем «кызым алыска кетип калбай жанымда жүрсүн» деп бир тууган эжесинин баласына турмушка узатат. Апам менен атам 7 балалуу болукан. Бирок кийин экөө эки башка жолго түшөт. Апам 7 баланы жалгыз өзү карап тарбиялады. Эч качан кыйналдым деп бирөөдөн жардам сураган жок. 7 баланы үйлүү-жайлуу кылуу апамдын мойнунда болгон.

Апам карап калган жер таятам Алимбай Нарматовдуку эле. Таятам кыргыз-тажик элине кадыры өткөн, диний билимдүү инсан болчу.

сурот 3

(Урулка апанын атасы)

Апам кайтарып калган бактарга таятам тирүүсүндө сугат суу жетип турган. Таятам барда сууну эч бир тажик бура алчу эмес. Союз тарагандан кийин жерлер үлүшкө бериле баштады. Таятам өздөштүргөн жерди элге беребиз дешкенде байкелерим «жерди берсеңер бергиле, таятам тиккен көчөттөрүн алып кетебиз» дешкен. Анда «бул жерди үлүш катары силерге берели» деп бизге беришкен. Өрүк бактары бүгүнкү күндө да бар. Бирок суунун тартыштыгынан улам куурап жатат. Апам суу чыгарам деп Тажикстандын РЭСине, Баткен районунун акимине, Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысына да кирген. Буту баспаган жер калган жок.

Ошол кезде Бишкекте КТРКнын «Достук кербени» аттуу телекөрсөтүүсү болуп, апам ага катышкан. Аны президент көрүп калып, президентке жолугушууга барган. Бирок жыйынтык чыккан жок. Апам «ушул жерге суу чыгып, көчөттөр көктөп калса арманым жок эле» деп айтчу. Эгерде апам ушунчалык арекет кылбай кош көңүл болгондо, тажиктер кыргыздын жерлерин басып, андан ары дөңсөө тоолорго чейин ээлеп алышмак», - деген ал.

сурот 1

(Урулка апа балдары менен)

Айниса Бостонова бир туугандары менен өрүк бакка суу жеткирүү аракетин көрүп жатканын кошумчалаган.

«Апамдын максаты ошол жерге суу чыгарып, жашылдандыруу эле. Учурда балдарынын да максаты ошол болуп жатат. Эгерде ошол жерге суу чыгып калса, үй салып, ошол жерди карайбыз деген тилегибиз бар. Кыргыздар эгемендүү болгон соң тажиктер сууну өткөрбөй койду. Суу келчү арыктар да бүтүп калды. Кичинекей эле бел бар. Ошол бел аркылуу суу алып өтсө болот. Бүгүнкү күндө электр энергиясы керек болуп жатат», - деген болчу ал.

Жергиликтүүлөр Көк-Сайга электр тартылбаса тажиктер жерди ээлеп алат деп кооптонушкан:

Кийин 2017-жылы май айында Достук айылынын Көк-Сай аймагында электр энергиясынын жоктугунан 70ке жакын кожолук өз тилкелерине көчүп бара албай жатышканы кабарлаган.

Жергиликтүү тургун Өмүрзак Исаев Көк-Сай аймагында союз мезгилинде колхоз иштеп, кийин ыдырап кетишкенден бери ал жер бак бойдон калгандыгын айткан. Аталган аймакта кыргыздар отурукташпаса тажиктер жерди ээлеп алышы мүмкүн экендигин белгилеген.

«Менин ата-бабам ушул жерлик болушкан. Бул жерде 30 кожолук эл бар эле. Бирок согуш убагынан кийин бизди бул жерден көчүрүп, Достук айылына бөлүп коюшкан. Кээ бирлери башка айылдарга көчүп кетишкен. Бул жер биздин түшүм алуучу багыбыз. Мындан башка эгин кыла турган жерибиз жок. Эгер биз бул жерге отурукташпасак, анда тажиктер көчүп келе берет экен. Азыртадан эле Көк-Сайдын асты-үстүнөн үй сала башташкан», - деген ал.

(Өмүрзак Исаев)

Ал эми, Достук айылынын тургуну Абдыразак Бостонов 3-4 ай мурун аймакка элетр мамычалары жеткирилип, бирок алар орнотула электигин билдирген.

«3-4 айдан бери 30 мамы бекер жатат. Бул мамычаларды Көк-Сай аймагындагы электр үчүн орнотуп беришсе болмок. Бирок алар суу же электр үчүн алынып келингени белгисиз. Эгер бизге электр эле тартылып берилсе анда сууну насос аркылуу өзүбүз чыгарып алмакпыз», - деген Бостонов.

Буга чейин айыл тургундары суунун тартыштыгынан улам насостук станция куруу зарыл экендигин да айтып чыгышкан.

(Абдыразак Бостонов)

Баткен электр ишканасынын директору Каламбек Маркаев мамылар насостук станция үчүн жеткирилгендигин билдирген. Ал алынып келинген мамычалардын орнотулбай тургандыгынын аталган аймактагы эл бир чечимге келе албай жатышкандыгы менен түшүндүргөн болчу.

«Достук айылында мурдатан эле суу көйгөйү болгондуктан эл насостук станция куруп берүүнү өтүнгөн. Ош электр ишканасынын каржылоосу менен насостук станция үчүн мамыларды алып келип иш баштап, орун каза баштаганыбызда, тургундар чек арада жайгашкан Көк-Сай аймагына электр энергиясын жеткирүү маселелерин айтып чыгып, ишибиз токтоп калган. Эки маселени бирдей кароого Ош электр ишканасында да шарт болбой калып, биринчи өтө муктаж маселени чечүү керектиги айтылган. Эми тийиштүү тараптар мамыча, трансформаторлор кайсы жайга орнотула турганын аныкташса, анан биз орното баштайбыз», - деген Маркаев.

Жергиликтүүлөр аталган аймакка электр тогу гана тартылып берилсе, сууну өздөрү насос аркылуу тарттырып, көчүп барып чек араны сактап калууну көздөшөрүн айтышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×