Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 24.04.2019 11:15

Базар-Коргондо жоголгон 5 жаштагы баланы издөө иштери улантылып жатат

Turmush -  19-апрелде Базар-Коргон районунун Акман айылында жоголгон 5 жаштагы Эдилбек табылбай жатат. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, аны издөө иштерине ӨКМден, милициядан, жергиликтүү тургундардан жалпы 97 адам тартылган. Издөө иштери Акман айылынын Жаңы-Акман каналында жана Кайырма көлүнүн жээгинде жүргүзүлдү. Кеч киргендигине байланыштуу саат 20:30да издөө иштери убактылуу токтотулду. Баланы табуу аракеттери бүгүн да улантылат.

Окуя тууралуу:

Буга чейин Эдилбек өзүнүн үйүнүн алдында шайтан араба тээп жүрүп жоголуп кеткендиги кабарланган. Баланын жоголгону боюнча айыл аймактын башчысы тарабынан ӨКМдин Базар-Коргон райондук бөлүмүнө кабар түшкөн. Эдилбек жашаган үй Жаңы-Акман айылындагы каналдын жанында жайгашкандыктан ал сууга түшүп кетиши мүмкүн делип, аны каналдан издөө иштерин жүргүзүп башташкан.

20-апрелде издөө иштеринде анын шайтан арабасы өз үйүнөн 150 метрдей жогору тараптан табылган. Издөө иштерине жардам берүү үчүн Ош облусунан 7 суучул келген болчу.

Кечээ, 23-апрелде ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Абулнасир Закиров 20-апрель күнү саат 04:10 чамасында Жаңы-Акман каналы тосулуп, суу толук токтогондон кийин дагы кошумча издөө иштери жүргүзүлгөндүгүн билдирген. Бирок бала табылган эмес. Кайырма суу сактагычында суучулдар ар 3 саат сайын суу ичинде издөө иштерин улантып жатышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×