Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Нарын облусуНарын району 24.04.2019 08:07

Эмгекчил айыл өкмөтүнө жаңы башчы шайланат

Turmush -  Бүгүн, 24-апрель күнү Нарын районуна караштуу Эмгекчил айыл өкмөтүнүн башчысы шайланат, деп билдирди аймактык кабарчы.

Айыл өкмөттүн мурунку башчысы Тилек Айдарбек уулу өз каалоосу менен кызматынан кеткенине байланыштуу жаңы айыл өкмөт башчыны шайлоо 24-апрелге белгиленген. Бул кызматка айылдык кеңештин депутаты Ишенбек Мукамбетовдун талапкерлиги катталган. Айылдык кеңештин депутаттары добуш берүүнү саат 10:00дө башташат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×