Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Талас облусу, Талас 23.04.2019 17:30 На русском

Мээсинде алмадай шишиги бар бала аман калды: К.Раимбеков Таластагы жалгыз нейрохирург (сүрөт)

Turmush -  28 жаштагы тургуну Калыбек Раимбеков Талас облустук ооруканасынын тарыхында биринчи нейрохирург болуп эмгектенип жатат. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы дарыгер менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Талас районунун Көк-Ой айылында төрөлгөн.

«2009-жылы Талас шаарындагы №3 гимназияны аяктагам. Биология сабагынан республикалык олимпиадада орун алып жана жалпы республикалык тестирлөөдө упайым жогору болгондуктан, Медициналык академияга дарылоо бөлүмүнө бюджеттик негизде кабыл алынгам. 2015-жылы дарылоо бөлүмүн артыкчылык диплом менен аяктап, 2015-жылдан 2018-жылга чейин нейрохирургия факультетинде окудум. Улуттук госпиталда ордунатурамды өтөгөм. 2018-жылы 30-октябрда Талас облустук Ч.Мамбетов атындагы ооруканада иштеп баштадым. Таласта мен биринчи жана жалгыз нейрохирург экенмин. Нейрохирургияда мээге, жүлүнгө байланыштуу операцияларды жасайбыз.

Көбүнчө бизде мээге кан уюп калган, башынан жаракат, инсульт алган бейтаптарга операция жасалууда. Көбү баш мээси чайкалып келгендер болот. Мурун башына жаракат алгандар Бишкек шаарына барышчу же ал жактан атайын дарыгерлер келип, операция жасашчу. Бүгүнкү күндө бул операция өзүбүздөн жасалып жатат. Мен келгенден бери жетекчиликтин жардамы менен мээге байланыштуу 9 операция жасалды. Операция негизи оор болот. Ал эми баш мээге байланыштуу операция 100 эсе оор болот. Бүгүнкү күндө 9 операциянын сегизи ийгиликтүү болуп, бейтаптар басып кетишти. Ал эми өтө оор абалда болгон 1 бейтапты сактап кала алган жокпуз.

Тажрыйбамда мен таң калган операция Бишкек шаарында ординатура учурунда жасалган. 6 жаштагы баланын мээсинин төрттөн бир бөлүгүн ээлеп калган, чоңдугу апорт алмадай көлөмдөгү шишикти алганбыз. Операция учурунда бир кан тамыры жарылып кетип, канын токтото албай кыйынчылыктар болгон. Операциядан соң баспай же сүйлөбөй калабы деген чоң коркунуч бар эле. Бала 2 жума ичинде сакайып кеткен.

Бүгүнкү күндө Таласта операция жасаган ар бир бейтап эсимде калып жатат десем болот. Бишкекте ординатурада жүргөндө көбүнчө чоң адамдарга операцияга кирчүмүн. Ал эми бул жакта 80% операцияны кичинекей балдарга жасадым. Эң кенже бейтабым 5 жаштагы бала болду. Башында улам билген адамдарга, адистерге телефон чалып сурап, кеңешип жасап жаттым. Чоң адам менен кичине балдарга операция жасоодо асман менен жердей айырма болот. Кичинекей балдарга операция жасоо кыйла татаал.

Бүгүнкү күндө Талас облустук ооруканасында биринчи жолу баш сөөктүн ордуна пластик коюлуп операция жасалды (кырсыктан баш сөөгү сынганда сөөк алынып, ордуна пластик коюлат). Бул жакшы жетишкендик болду», - деди ал.

Дарыгер мырза жубайы экөө биринчи наристесин күтүп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×