Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Талас облусуКара-Буура району 23.04.2019 16:20

Куштардын көздөрүн жип менен тигип алып колго көндүрөм: Мүнүшкөрдүн сыры. сүрөт

Turmush -  Кара-Буура районуна караштуу Арчагул айылынын 40 жаштагы тургуну Нурбек Казиев мүнүшкөрлүк, устачылык менен алектенип келе жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

«8 жылдан бери куш салам. Ал убакка чейин аксакалдарга куш кармап берчүмүн. Кийин аларды көрүп, шыктанып жүрүп көптү үйрөнүп алдым. Куштун түрү көп: ителги, көк куш, балапан куш деп коет. Менин кармаганым бир түлөк көк куш. Мисалы, быйылкы чыккан балапан кийинки жылы келгенде бир түлөк деп аталат. Жылына 1 балапан куш жана түлөк куш кылып экөөнү кармайм. Сентябрь айынан апрель айына чейин кармайм. Кармалган куштар 15 күн мурун коё берилди. Себеби алар дагы балапан чыгарып, өзүнүн турмушун курсун дейбиз. Сентябрь айынын этегинен баштап кармайбыз. Булар келгин куштар болгондон кийин келип-кетип жүрө беришет. Ушул жылдагы куштун бутуна шакек салып коё бердик. Ал куш колго кармалган дегенди билдирет. Ал кийинки жылы кимге туш болсо бат эле көнүп кетет.

Куштарды кеч күздө дарактан кармап келебиз. Алардын кайсы жерде экендигин каргалар айтып турат. Карга куштун жеми дагы болот. Ошондуктан каргалар бийиктен учуп, бакырып үн салат. Ошол жерде куш бар экенин билебиз. 5-6 метр кылтак менен кармап алам. Кармап келгенде буттарына боо салып, көзүн тигебиз. Кадимки жип менен көздүн үстүңкү терисин астыңкысы менен бириктирип тигем. Казысы жок болуп, майы кетет. Көзүн тигип алып колго көтөрүп жүргөндө 2 күндөн кийин көнүп калат. Эгер кийинки жылы бутундагы боосу же шакекчеси менен келсе көзүн тикпейм. Колго түшкөн куш бат эле көнүп калат.

Кармап келгенден кийин эт бере баштайбыз. Ит менен эшектин этинен башка бардык жандыктын этин беребиз. Эт туздалбаган жана эскирбеген болушу керек. Биз өзүбүздү сыйлагандай эле куштарды дагы баалайбыз. Этти аздан беребиз, антпесе семирип кетет. 1-2 айдан кийин куш артыбыздан ээрчип учуп калат. Башка кишиден чоочулап, баккан кишиге көнүп калат. Олжосу тоодо кекилик болсо, айылда чил. Тоодактан ылдый бөдөнөгө чейин алат. Алы-күчү жеткенине бара берет. Жүрөгү чоң куштар болот. Биринчи, экинчи күнү кармаган олжосун өзүнө берем. Биринчи эле күнү олжосун тартып алып койсок куш жаман көрөт.

Салбурунду көрүп эле жүрөм. Бирок андай даярдалган жарыш оюндарга ыраазы болбойм. Салбурун үчүн эмес, өзүмдүн кумарым үчүн куш салам. Айыл ичинен жаш балдарга дагы кызык жана ден соолукка дагы пайдалуу. Бул кумар өлгөнчө калбайт», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле устачылык менен алектенет.

«Тыйын табыш үчүн устачылык кылам. Бишкекте 8 жыл иштедим. Бүгүнкү күндө айылда буйрутмалар көп болуп, элиме кызмат кылып, каражат таап келем. Көптөгөн дарбаза, үй жана башкаларды куруп иштедим. Эвростилдеги курулуш иштерин дагы жасайм. Жаштарга дагы үйрөтүп келем. Айыл ичинен мээнетим менен үй-бүлөлүк киреше табам. Айына 20 миң сомдон жогору болот. Сезон убагында мындан көп», - деди ал.

Мүнүшкөр-уста 4 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×