Бөлүмдөр
Жума, 24-май
Талас облусу, Талас 23.04.2019 11:53 На русском

Таласта маркум милиционер Самат Байсаловдун элесине арналган кыргыз күрөш боюнча мелдеш өттү

Turmush -  Кечээ, 22-апрелде маркум милиционер Самат Байсаловдун элесине арналган кыргыз күрөш боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, мелдешке жалпы 8 команда катышты. Жыйынтыгында 1-орунду Талас шаардык күзөт бөлүмү, 2-орунду Талас облустук ички иштер бөлүмү, 3-орунду Талас райондук ички иштер бөлүмү алды.

С.Байсалов тирүү болгондо быйыл 34 жашка чыкмак. Ал 2009-жылдын 11-июнь күнү кызмат учурунда кылмышкердин колунан каза болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×