Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 23.04.2019 09:36

«Жеңеке»: А.Кожалиева келининин кылыгынан уялып, үйгө кирбеген кайнатанын окуясын айтып берди

Turmush -  Чүй облусунун Ысык-Ата районунун тургуну Алтынай Кожалиева жолдошу менен эжесинин туулган күнүндө таанышкан. Каарманыбыз менен аймактык кабарчы таанышты.

«Жолдошум экөөбүз бактылуу үй-бүлөнү түптөп, бир уул, эки кыздын ата-энеси болдук. Учурда төртүнчү наристебизди күтүп жатабыз. Жолдошум менен эжемдин туулган күнүндө таанышкам. Тааныш болуп жүрүп, кийинчерээк бири-бирибизди жактыра баштадык. Жолдошумдун ошол кезде мага жыгачтан жүрөк жасап, анын ичине экөөбүздүн атыбызды жазып, кооздоп алып келген белегин унутпайм», - деди ал.

Алтынай жеңе келиндик доордогу кызыктуу окуяларын да эскерди.

«Ошентип 18 жашка чыга электе турмушка чыктым. Өтө эле жаш болсом керек, айтор өзүбүздүн үйлөнүү үлпөт тоюбузда бийлегем. Аным видеого да түшүптүр. Азыр ошол тасманы көрсөм эле күлкүм келе берет. Дагы бир эсте калган окуям бул болду. Өзүм музыкага жакынмын. Анда уулумду күтүп жаткан кезим. Үй жыйнап жаткам. Бир маалда ырдап жана бийлеп баштадым. Мени кайнатам көрүп калып, үйгө кире албай коюптур. Качан ырдап, бийлеп бүтөт деп күтүп тура бериптир. Шыпыргымды суулаганы чыксам, кайнатам эшикте турат. Уялганымдан эмне кыларымды билбей, кайра үйгө кирип кеткем. Азыр бул окуяны үйдөгүлөр айтып күлө беришет», - деди ал.

Алтынай Кожалиева Кеңеш орто мектебинде мугалимдик кесибин аркалап келет. Жаш мугалим Ысык-Ата районунда өткөн «Жыл мугалими-2019» сынагында 2-орунду жеңип алган.

«Быйылкы жыл мага абдан жемиштүү болду. Анткени 4-класстар арасында өткөн билим сынагынан менин 2 окуучум 1-2-орундарды ээлешти. Андан кийин "Билимкана" уюштурган олимпиададан окуучуларым жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтүп, облустук турга өтүп, сынак тапшырышты. Өзүм болсо быйылкы "Жыл мугалими-2019" сынагына катышып, 2-орунду камсыздадым. Бул сынакка бир жумадай даярдандым», - деди ал.

Алтынай Кожалиева 1988-жылы 21-сентябрда төрөлгөн.

«Бишкектеги №78 орто мектепте билим алган соң, Кеңеш айылындагы жигитке турмушка чыккам. 2007-жылы Бишкек музыкалык педагогикалык колледжде башталгыч класстар бөлүмүндө билим алып баштагам. Учурда Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин биология факультетинде билим алып жатам. Ал эми эмгек жолум мындан төрт жыл мурун Кеңеш орто мектебинде башталды. Ошол төрт жыл аралыгында аталган мектепте талыкпай эмгектенип, райондун жана мектептен берилген ардак баракчаларга ээ болуп келем», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×