Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-май
Ош облусуНоокат району 23.04.2019 08:46 На русском

Ноокаттагы суу сактагычта мыйзамсыз балык уулап жүргөн адамдар кармалды (сүрөт)

Turmush -  Кечээ, 22-апрелде Ноокат районундагы Найман суу сактагычында мыйзамсыз балык уулап жүргөн адамдар кармалды. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын Араван жана Ноокат райондору боюнча региондор аралык башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Мамэкотехинспекциянын кызматкерлери Балык чарба департаментинин кызматкерлери менен биргеликте текшерүү жүргүзгөн. Жыйынтыгында Найман суу сактагычында тор менен балык жана суу чаяндарды кармап жүргөн 2 адам кармалды. Аларга мыйзамга ылайык 20 миң сом айып салынып, 10 миң 900 сом доо коюлду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×