Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Талас облусу, Талас 23.04.2019 10:02 На русском

Алтын балыктар, адамча сүйлөгөн канаттуулар: Таластагы ишкерлик. Видео

Turmush -  Талас шаарынын 44 жаштагы тургуну Айзада Молдобекова 10 жылдан бери аквариумда багылуучу балыктарды сатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Талас районуна караштуу Көпүрө-Базар айылында төрөлгөн.

«Балыктарды, тоту куштарды Таласка алып келип сатып жатканыбызга 10 жылдан ашты. Балыктар 50 сомдон 600 сомго чейин бааланат. Алтын балык деп аталган балыктар муздак сууга деле багыла берет. Алар адамдардан коркпойт. Башка аквариумда багылган балыктар үркүп качышса, алтын балыктар тамак берет экен деп колуңа сүзүп келишет (күлүп). Башка балыктарды атайын жылуулук берүүчү аппараттар менен багабыз. Азыркы учурда балыктын 20 түрү бар. Балыктарды атайын сатып келип көбөйтөбүз. Кээ бирлерин алып келген боюнча сатабыз. Талас боюнча тоту куш, балык, таш бака биздин дүкөндө эле сатылат. Ошондуктан көпчүлүк бизден келип алып келишет. Эл «кантип баксак?» деп да сурап кетишет. Балыктан жакшы эле киреше түшөт.

Эл аябай кызыгып келип көрүшөт. Аквариум көрө электер көп. Үй шартында дагы алтын балыктарды кармайм. Балыктарга 1 күн тамак бербей койсо болот. Тирүү чабактарды тууй турган жана урук (икра) чача турган балыктар бар. Гуппи балыктар бир тууганда 20-30 чабак тууйт. Чабактарын аквариумда чөптөрдүн арасында багабыз. Антпесек балыктар балдарын жеп коёт. Аквариумду Талас ичинде белек катары дагы көп алышат. Буларды көп тамактандыра берсең суусу кирдеп кетет. Балыктар көбүнчө тирүү жемди жакшы көрүшөт. Сөөлжандарды берсе атайын эт жегендей болуп бат чоңоюшат. Балык бакканда кызыктуу учурлар болуп турат. Биз башында жырткыч балыктарды бакканбыз. Аларды кээ бирөөлөрү көрүп, «бышырып жесе болобу?» деп сурашчу. Элдердин арасында ар кандай адамдар бар, «ар кандай тилек кылсак алтын балыктар аткарабы?» деп да сурап калышат», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле тоту куштар жөнүндө айтып берди.

«Тоту куштарды туулган күнгө белек кылып алып кетишет. Бизде тоту куштун «волнистый», корелла, анан бөлүнбөс (неразлучник) деген 3 түрү багылат. Алардын арасында сүйлөгөндөрү дагы бар. Жаш тоту куштарды бирден кармап үйрөтсө 1-2 айда адамдардын сөзүн бат үйрөнүшөт. Бөлүнбөстөрдү бири-биринен ажыратканга болбойт. Алардын баасы 600-2500 сомго чейин барат. Былтыр сүйлөгөн тоту куштарды 2500 сомдон сатканбыз. Буларды атайын Бишкектен алдыртабыз. Тоту куштар сууга бышырылган жумурткаларды, чөп-чарларды жешет. Буларга атайын тамак-аштары бар, ошолордон дагы беребиз. Таш бакалар эт, чөп жешет.

Буларга күндө эртең менен тамак беребиз. Багыла турган жерлерин тазалап, абаны бирдей температурада кармабаса биттеп кетишет. Ошондуктан таза кармайбыз. Сууларын күндө алмаштырып турабыз. Азырынча ушул эле жаныбарларды багып жатабыз. Буйруса булардын санын көбөйтөбүз деген пландар бар. Бирок кээ бир кардарлар атайын буйрутма кылып кетишет. Эң кызыгы бизге атайын балдарын алып келишип, аквариумдагы балыктар менен тоту куштарды көрсөтүп кетишет. Балдары зоопаркка келишкенсип сүйүнүп калышат», - деди ал.

Айзада айым 2 кыз, 2 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×