Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Баткен облусуКадамжай району 22.04.2019 13:30

Кадамжайдын Кара-Кечүү айылында заманбап мечит ачылды (сүрөт)

Turmush -  20-апрелде Кадамжай районунун А.Орозбеков айыл өкмөтүнүн Кара-Кечүү айылында 600 орундуу мечит ачылды. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысынын орун басары Элмира Аскарова билдирди.

Маалыматка караганда, 2 кабаттуу жаңы имарат эски мечиттин ордуна курулду. Анда аялдар, эркектер, балдар үчүн медресе, жуунуучу жайлар, дааратканалар да салынды. Мурдагы мечит ашар жолу менен 30 жыл мурун курулуп, акыркы мезгилде жараксыз абалга келип калган болчу. Анткени жайгашкан жери дарыяга жакын болуп, шарты жок болгон. Жыл сайын сел келип, бирок мечит эч кандай зыян таркан эмес. Ал эми мечиттин жанындагы үйлөргө сел зыян келтирип, жарактан чыгарган учурлар болгон.

Иш-чарада аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык түлүк таратылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×