Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Чүй облусуЫсык-Ата району 22.04.2019 09:51

Айыл турмушу: Ишембиликте отундарды өрттөп салып, директордон корккон А.Кожалиеванын окуясы

Turmush -  Ысык-Ата районундагы Кеңеш орто мектебинин мугалими Алтынай Кожалиева ишембиликте чириген отундарды өрттөп, директорунан корккон окуясы эсинен кетпейт. Ал бул кесипке окуучулук кезинен кызыгып, учурда ийгиликтүү мугалим болууга жетишти. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мугалимдик кесипти тандаганымдын себеби, балдарга болгон сүйүм түрткү болду го деп айтар элем. Тээ мектепте окуп жүргөн кезимде мугалимдерге суктанып, мен да эжейимдей болсом деп калар элем. Анан да балдар-кыздар болуп ойногондо, мен сөзсүз мугалим болчумун. Мугалимдик кесип ары татаал, ары кызыктуу кесип. Жаштарды туура тарбиялап, аларга жол көрсөтөбүз. Биздин кесип ушунусу менен сыймыктуу.

Жумуш үстүндө кызыктуу окуялар көп болот. Бир окуя эсимден кетпейт. Окуучуларым менен ишембилик өткөрүп жатканбыз. Таштандыларды чогултуп, четинен өрттөп кирдик. Бир маалда жыйналып турган отун кошо өрттөнүп жатканын байкап калдым. Аны өчүрүп же аягына чейин өрттөп коерумду билбей калдым. Эми директордон тил угат экенмин деп корктум. Бирок коркконум бекер экен. Көрсө директор тоскоолдук жаратып жаткан чирик отундарды кантип жоготорун билбей жаткан экен. Мага күлүп, "ырас, кошо тазалап салган турбайсыңбы" деп айтканы эстен кетпейт», - деди жаш мугалим.

Жаш мугалим Ысык-Ата районунда өткөн «Жыл мугалими-2019» сынагында 2-орунду жеңип алды.

«Быйылкы жыл мага абдан жемиштүү жыл болду. Анткени 4-класстар арасында өткөн билим сынагынан менин 2 окуучум 1-2-орундарды ээлешти. Андан кийин "Билимкана" уюштурган олимпиададан окуучуларым жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтүп, облустук турга өтүп, сынак тапшырышты. Өзүм болсо быйылкы "Жыл мугалими-2019" сынагына катышып, 2-орунду камсыздадым. Бул сынакка бир жумадай даярдандым», - деди ал.

Алтынай Кожалиева 1988-жылы 21-сентябрда төрөлгөн.

«Бишкектеги №78 орто мектепте билим алган соң, Кеңеш айылындагы жигитке турмушка чыккам. 2007-жылы Бишкек музыкалык педагогикалык колледжде башталгыч класстар бөлүмүндө билим алып баштагам. Учурда Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин биология факультетинде билим алып жатам. Ал эми эмгек жолум мындан төрт жыл мурун Кеңеш орто мектебинде башталды. Ошол төрт жыл аралыгында аталган мектепте талыкпай эмгектенип, райондун жана мектептен берилген ардак баракчаларга ээ болуп келем», - деди ал.

Ардактуу мугалим үй-бүлөлүү, 3 баланын сүйүктүү апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×