Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Жалал-Абад облусуБазар-Коргон району 20.04.2019 23:52 На русском

Базар-Коргондо дайынсыз жоголгон 5 жаштагы бала каналдан изделүүдө (видео)

Turmush -  Базар-Коргон районуна караштуу Акман айыл аймагынын Жаңы-Акман айылында дайынсыз жоголгон 5 жаштагы бала изделүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, 5 жаштагы Эдилбек 19-апрель күнү саат 17:30дар чамасында өзүнүн үйүнүн алдында шайтан араба тээп жүрүп, жоголуп кеткен. Баланын жоголгону боюнча айыл аймактын башчысы тарабынан ӨКМдин Базар-Коргон райондук бөлүмүнө кабар түшкөн.

Эдилбек жашаган үй Жаңы-Акман айылындагы каналдын жанында жайгашкандыктан ал сууга түшүп кетиши мүмкүн делип, аны каналдан издөө иштерин жүргүзүп башташкан.

20-апрелде издөө иштеринде анын шайтан арабасы өз үйүнөн 150 метрдей жогору тараптан табылган. Учурда издөө иштерине Ош облусунан 7 суучул келип, жардам көрсөтүп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×