Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Чүй облусуАламүдүн району 20.04.2019 10:52

Сууга агып кеткен 5 жаштагы Барсбектин денеси табылганда кош бойлуу энеси ооруканага түштү

Turmush -  Аламүдүн районунун Константиновка айылындагы Ат-Башы каналына чөгүп кеткен 5 жаштагы Барсбектин денеси 19-апрелде саат 12:25те табылганын ӨКМдин басма сөз кызматы билдирген.

Маалыматка караганда, суучулдар денени Чу дарыясынын Бирдик жана Гроздь айылдарынын ортосундагы тилкесинен, тактап айтканда ал чөгүп кеткен жерден 12-13 км төмөндөн алып чыгышкан.

«Баланын денесин ӨКМдин суучулдары табышты. Анын ата-энесине жана жакындарына көңүл айтабыз», - деп айтылган билдирүүдө.

Ал эми күбөлөрдүн айтымында, баланын денеси табылган учурда атасы суунун жээгинде болсо, апасын тез жардам кызматы менен ооруканага алып кетишкен.

«Кечээ баланын денеси табылгандан кийин атасы менен апасынын абалын сөз менен жеткирүүгө мүмкүн эмес. Аябай жаман болушту. Ошол учурда атасы суунун жээгинде болчу. Ал эми баланын денесин көмгөнү алып кетишкенде, кош бойлуу апасын тез жардам кызматы төрөт үйүнө алып кетишти», - дешти күбөлөр.

WhatsApp Image 2019-04-20 at 10.21.07(1)

2014-жылы туулган Барсбек 11-апрель күнү саат 18:25 чамасында Константиновка айылындагы Ат-Башы каналынын суусуна агып кеткен. Андан бери издөө иштери улантылып, 18-апрелде ӨКМден жалпы 133 куткаруучу чыккан. Ошондой эле издөө иштерине көмөк көрсөтүү максатында Казакстан Республикасынын ИИМнин Жамбыл облустук куткаруу департаментинен 4 суучул тартылган болчу.

Окуя тууралуу

Буга чейин маалымдалгандай, Барсбек үй-бүлөнүн жалгыз баласы болгон.

«Ошол күнү бала бакчадан келип эле, эшикке чыгып ойноп кетиптир. Ал чоң ата, чоң энеси менен аталган жерде чогуу жашайт. Ал эми өзүнүн ата-энеси Бишкек шаарында турушат. Апасынын 7 айлык боюнда бар» - деген баланын туугандары.

Тургундар ата-эне уулун издеп, күнү-түнү суунун жээгинде жүрүшкөнүн жана апасы кош бойлуу экенин айтышкан.

Баланын апасы жасаган кайрылууда уулу 11-апрелде саат 17:00 чамасында жоголуп кеткендигин билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×