Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 19.04.2019 16:36

Саруу айыл өкмөтүнө жаңы башчы шайланат

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Саруу айыл өкмөтүнүн жаңы башчысы шайланат. Жергиликтүү кеңештин депутаттары 6-майда саат 9:00дөн 12:00гө чейин добуш бере турганын Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Саруу айыл өкмөтүнүн мурунку башчысы Д.Абдрахманов өз каалоосу менен жазган арыздын негизинде аким тарабынан 12-апрелде ээлеген кызматынан бошотулган.

Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×