Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Баткен облусуБаткен району 18.04.2019 17:26

Баткендеги багбандарга өрүктөрдү козу карын оорусунан сактоонун жолу үйрөтүлүп жатат

Turmush -  Баткенде жааган жамгырлар өрүктөрдө козу карын оорусун пайда кылып жаткандыктан адистер багбандарга андан кантип сактанууну көрсөтүшүүдө. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

«Биздин Кара-Бак айыл өкмөтүндө 200 гектардай өрү багы бар. Андан 200 миң тоннадай түшүм алабыз. Бирок жакшы сакталбай, талаптарга жооп бербегендиктен экспортко чыкпайт. Багбандар Тажикстанга сатышат. Анан өрүктү кандай жолдор менен илдеттерден сактоону, кургатууну багбандар жакшы билишпегендиктен сапаты начар болуп, арзан бааланууда. Бүгүн ошондуктан атайын адистер айыл өкмөттөгү дыйкандарга дарылоо жолдорун көрсөтүшүүдө. Бул дыйкандарыбызга керек. Анткени өрүк мөмө байлаган учурда жаан-чачын болуп, чотур (чаар) оорусу башкача айтканда, козу карын оорусу пайда болот. Мындай өрүктөр базарда да өтпөй калат», - деди Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы Тургунбай Нишанбаев.

«Бизде дыйкандар өрүктү жаандан сактай алышпайт. Анын сапаты начар болуп кургайт. Мындай өрүктөр экспортко эмес, базарга да чыкпай калат. Ошондуктан биз азыр Кара-Бак айыл өкмөтүндөгү дыйкандар менен жолугуп, практика жүзүндө кандай дарылар колдонула турганын тааныштырдык. Эми элге кенири жайылтса болот. Бул дарылар өзүбүздөгү биофабрикадан чыгарылат. Бул биоазыктарга колдонулат», - деди «Алыш-Дан» кооперативинин жетекчиси Турсунали Төлөмүшев.

«Экспортко чыкканда курт түшпөгөн, карарбаган, чотуру жок, таза өрүктөрдү талап кылышат. Андыктан биз азыр өзүбүз план кылган Лейлектин Бешкент айыл өкмөтү, анан Кара-Бак айыл өкмөтүндө дыйкандар менен иштешип, экспорттун талаптарына ылайык өндүрүштү чыгарууга аракет кылып жатабыз», - деди Тоолуу аймактарды өнүктүрүүнү колдоо долбоорунун Баткендеги менеджери Таалайбек Абдираимов.

Баткен облусунда 7 миң гектар өрүк бак болсо анын 5 миң гектарын Баткен районундагы бактар түзөт. Андан 110 миң тоннага чейин өрүк өндүрүлсө, анын ичинен кургатылган 27 миң тонна өрүк чет жакка экспортолот. Ал эми калган 83 миң тоннасы кошуна Тажикстанга ички рынок аркылуу сатылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×