Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Талас облусуБакай-Ата району 18.04.2019 16:07

Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында ыр кесе өттү

Turmush -  Кечээ, 17-апрелде Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында ыр кесе өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган айылдын башчысы Айгүл Батырбекова билдирди.

«Биз ыр кесе эстафетасын Кең-Арал айылынан өткөрүп алганбыз. Ал эми бүгүн айыл ичиндеги таланттуу адамдар менен ыр кесе майрамын өткөрдүк. Энелердин күнү орозо күнүнө туш келгендиктен жалпы айыл ичиндеги 100 апаны чакырып, сый тамак тартууладык. Келген коноктор бир гана тамак ичип кетпестен биздин ыр майрамга күбө болуп кетишти. Ыр кесенин кезегин Ак-Дөбө айылына тапшырдык», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×