Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Ош облусуӨзгөн району 18.04.2019 18:02 На русском

Жубайы боюн көтөрүп, карабай койгон Ч.Арстанбеков белгилүү куудул тамашага салгандан кийин таанымал болгон (видео, сүрөт)

Ч.Арстанбеков жана Т.Курбаналиев
Ч.Арстанбеков жана Т.Курбаналиев

Turmush -  Өзгөн районунун Зергер айыл өкмөтүнө караштуу Токтогул айылынын 1966-жылы туулган тургуну Чолпонбай Арстанбеков ички иштер органдарында 30 жылга жакын убакыттан бери иштеп келет. Учурда Баткен облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн үгүт-насаат боюнча тескөөчүсү болуп эмгектенет. Ал мектеп окуучуларына жолдо жүрүү эрежелерин үйрөтүп, өспүрүмдөр арасындагы жол кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чараларга катышып турат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Чолпонбай мырза жубайын троллейбустан көрүп, үйүнө чейин барып таанышкан.

«Мен жол коопсуздугун тескөөчү болуп 1990-жылы бери иштеп баштагам. Ошол кезде келинчегим менен таанышып калган күн эстен кетпейт. Ал жылы Ош шаарына көчүп келип, бир күнү жумуштан үйгө троллейбуста баратсам, бир жакшынакай кыз туруптур. Ага кайра-кайра тийише бердим. Бирок ал боюн көтөрүп, мени карабай койгон. Мен дагы сыр бербей, ал түшкөн жерден түшүп, артынан барып, араң таанышып, үй-жайын билип алгам. Ошентип бир жыл сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз», - деди Ч.Арстанбеков.

Анын жумушунда кызыктуу окуялар көп кездешет. Өзүнүн айтымында, куудул Тынар Курбаналиев концерттердин биринде Чолпонбай мырзанын атын атап, тамашалаган.

«Куудул Т.Курбаналиев сатираларынын биринде "Ош шаарындагы ХБК кичи районундагы жолду Чолпон аке басып алганбы?" деп тамашага салган. Бирок аны тааныбайт болчумун. Кийин эле анын видеосу тарап, мени тааныбаган адам калбаптыр. Тамашада мага карата сын айткан, бирок мен ал учурда Ош шаардык ЖКККБнын басма сөз кызматында иштегендиктен аны туура эле кабыл алгам», - дейт Чолпонбай мырза.

Ага жол кырсыктары болгон учурда массалык маалымат каражатынын өкүлдөрү кайрылып турушат.

«Негизи андай маалыматтарды жарыялагың келбейт. Бирок кырсыктарды алдын алуу үчүн жарыялап, айдоочуларды жол эрежелерин сактоого чакырып келебиз. Андан тышкары жолдон өтө албай жаткан карыялар кездешет. Аларды жолдон өткөрүп, үйлөрү кайсы жерде экенин сурап, алыс болсо автоунаа менен үйлөрүнө жеткирип койгон учурларым болот. Бул мактангандык эмес. Негизи карыялар көчөгө чыкканда баласы же жакыны жанында болуусу шарт. Анткени азыркы учурда автоунаа көп болгондуктан, карыган адамдар жолдун аркы бетине өткөнчө жол чырактын убактысы бүтүп, шашкан айдоочу сүзүп кетиши мүмкүн. Өлкө аймагында болуп жаткан кырсыктардын айынан канчалаган өмүрлөр кыйылып, канчалаган жарандар майып болуп жатышат. Элибиз кырсыктан оолак болушун каалайм», - дейт Ч.Арстанбеков.

Ал үй-бүлөлүү. 2 уул, 1 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×