Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 18.04.2019 12:05 На русском

Жалал-Абадда 6 көп кабаттуу үй уруксаты жок курулууда. Адистер эмне дейт? (сүрөт)

строящийся жилой дом, жалал-абад
строящийся жилой дом, жалал-абад

Turmush -  Жалал-Абад шаарында 7 көп кабаттуу үй курулуп жатса, анын ичинен алтоосунун курулушу уруксат кагаздары жок эле башталып кеткен. Мындан улам Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Сузак району жана Жалал-Абад шаары боюнча аймактык башкармалыгы курулуш компанияларга жазуу түрүндө эскертме берди.

Эми тийиштүү кагаздар белгиленген мөөнөттө көрсөтүлбөсө анда айып пул салуу менен ишти сотко өткөрүшөт. Ал эми ишкерлер курулуш иштерин токтотпой турганын айтышууда.

Бул маселе шаардын ортосунда орун алган аэропортко байланышкан маселеге барып такалат. Шаардагы турак жайлардын курулушу боюнча жагдайларга аймактык кабарчы саресеп салды.

Архитектура уруксат бергенби?

Жалал-Абад шаарында былтыркы жылдын күз айларынан тарта көп кабаттуу үйлөрдү куруу иши жанданган. Азыркы тапта калаада 5 курулуш компаниясы жана 1 ишкер 7 көп кабаттуу үй куруп жатат. Андагы турак жайлардын ичинен алтоосу 5 кабаттуу болсо, бирөө 9 кабатка жетет. Тийиштүү уруксат кагаздарысыз эле өз алдынча курулушу башталып калган турак жайлардын экөөнүн жер төлөлөрүндө жумуш жүрүп жатса, 4 үйдүн дубалы курулуп, 2-3-кабатка чейин көтөрүлүп калды. Мындагы үйлөрдүн ичинен бир гана Пушкин көчөсүндөгү турак жай мыйзамдуу ишин баштаган. Ал эми курулушчуларга түйшүк алып келген маселенин жаралышына КРнын Аба кодексине аэропорттун учуп-конуу тилкесинен ары карай 2 миң метрге чейин 14 метрден бийик имараттарды салууга тыюу салынышы себеп болууда. Мына ушул талаптан улам шаарга көп кабаттуу үйлөрдү курууга мүмкүнчүлүк берилбей жатат. Ага карабастан турак жайларды салуу калаада кызуу жүрүп жатат.

Жалал-Абад шаарынын башкы архитектору Бакыт Байжигитов эмне үчүн уруксат бербей жатышканын түшүндүрдү.

«Жалал-Абаддагы аэропорттун учуп-конуу тилкесинен ары 2 миң метр аралык коргонуу тилкеси каралып калыптыр. Мына ушул жагдайдан улам бизге келген документтерди кайтарып жатабыз. Себеби, өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен 2018-жылы аэропорттун айланасында курула турган курулуштарга уруксат берүүдө милдеттүү түрдө жарандык авиация агенттигинен уруксат алгандан кийин гана макулдук берүү керектиги боюнча буйрук келген. Аба кодексинин эрежелеринин талаптарына баш ийип, авиация агенттигинен макулдук алуу үчүн жөнөтүп жатабыз, бирок бүгүнкү күнгө чейин бир дагы компания агенттиктен уруксат алган жок. Аталган агенттиктин турак жай курууга макулдугу болсо ошого карап иштейбиз. Бизге 3-4 компания келген, баарына жагдайды түшүндүрүп, катка жооп бергенбиз. Ага карабастан өз алдыларынча курулуш иштерин жүргүзүп жатышат», - деди башкы архитектор.

Компанияларды сотко беришет

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Сузак району жана Жалал-Абад шаары боюнча аймактык башкармалыгы алгач курулуш компанияларына эскертемелерди берди.

Эгерде мекеме берген мөөнөт ичинде тийиштүү кагаздары көрсөтүлбөсө, анда алар курулушчуларды сотко беришет. Аталган башкармалыктын башчысы Бекжан Султангазиев жагдай боюнча төмөнкүдөй пикирин айтты:

«Бардык куруучуларга тийиштүү кагаздарды көрсөткүлө деп жатабыз. Аларга азыр убакыт бердик. Эгерде тийиштүү кагаздары жок болсо КРнын Бузуулар жөнүндөгү кодексинин негизинде айып пул салып, сот органдарына өткөрүп беребиз. Көп кабаттуу үйлөр мыйзамсыз курулуп жатканы аныкталды. Анткени куруучулар шаардын архитектурасынан тийиштүү уруксат кагаздарын алып, аны бизге каттоодон өткөрүшкөн эмес», - деди.

Башкармалыктан маалым болгондой, тийиштүү иш кагазы жок эле көп кабаттуу үйлөрдү куруп жаткан «Дост курулуш», «Абад», «Ясын», «Роял Строй» компаниялары жана жеке ишкер бар. Мекеме жогорудагы компаниялар каттоодо жок болгондуктан алардын курулуш нормаларын канчалык деңгээлде сактап жатышканын да билбей жатышат. Мындан улам Экотехинспекциянын өкүлдөрү курулушту токтотуп туруу демилгесин көтөрүп чыгышкан. Деген менен компания өкүлдөрү курулушту токтотуу мүмкүн эместигин айтышууда.

«Көпкөндүк эмес бюрократтык мамиле мыйзам бузуучулукка түртүп жатат»

Мыйзамсыз делген курулуштардын катарында облуста биринчилерден болуп көп кабаттуу үй салууну баштаган «Дост-Куруш» компаниясы куруп жаткан 90 батирлүү 9 кабаттуу үй да бар.

Аталган компаниянын директору Бакыт Борошовдун айтымында, Бишкектеги айрым атка минерлердин бюрократтык мамилелери аларды аргасыз мыйзам бузуучулукка түртүп жатат.

«Жергиликтүү бийлик колдоп эле жатат, бишкектик айрым бюрократтар алардын колдорун байлап коюшуптур. 2017-жылга чейин шаардык архитектура көп кабаттуу үй курууга уруксаттарын берип жүргөн. Биз эми шаарга үй куруп жаткан ишкерлер борборго каттап жатабыз. Бизге жеңилдетилген насыянын кереги жок. Бизге болгону бут тосуу токтотулса жакшы болоор эле. Бюрократтык мамилелерден улам кээ бирде ишкерлер мыйзам бузууга барууга мажбур болуп жатабыз. Бул биздин көпкөндүгүбүздөн эмес, бюрократиялык мамиленин айынан болуп жатат. Шаар айылдай эле болуп калды. Биз шаарды көрктөндүрөлү, жарандарды үй менен камсыз кылалы дедик. Жалал-Абад шаарында эле эмес өлкөдө курулуп жаткан үйлөрдүн 80-90 пайызы уруксат кагаздары жок курулушун баштайт. Курулуш көп убакытты күтө албайт. Курулуп жаткан үйлөрдү кардарларга сатып, ошолордун жардамы менен үй бүтөт. Ошондуктан курулуш бизнести токтотууга мүмкүн эмес. Бул чоң коркунучту туудурат. Биз өлкө башчыдан ишкерлердин үнүн угууну суранып кетет элек», - деди Б.Борошов.

Мэр эмне дейт?

Ал эми Жалал-Абад шаарынын бийлиги болсо аэропорттун учуп-конуу тилкеси боюнча 2 миң метрге чейин бийик имараттарды курбоо талаптарын кыскартууну суранып, тийиштүү тараптарга кайрылуу жолдошкон. Калаа башчысы Мураталы Тагаев баары мыйзам чегинде болушу керектигин айтууда.

«Шаар бийлиги ишкерлерди колдоого кызыкдарбыз. Көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу шаар үчүн жакшы көрүнүш десе болот. Бирок эң негизги максаты мыйзам чегинде болушу керек. «Жерлер сатылып, үй курулуп жатат» экен деген чындыкка туура келбеген пикирлер айтылып, шаар бийлигин жаман көрсөткүсү келгендер болууда. Көп кабаттуу үйлөрдү баары жеке менчик жерлерде салынууда, аны биз токтото албайбыз. Ишкерлер, тийиштүү кызматтар баарыбыз биргеликте дал ушул үйлөрдүн абалы боюнча маселени талкуулаганбыз.

Баары мыйзам чегинде болушу керек. Көп кабаттуу үйлөрдүн курулушуна байланышкан маселенин баары шаардын ортосунда жайгашкан аэропортко келип такалууда. Себеби аэропорттун учуп-конуу тилкесинен ары 2000 метр аралыктагы радиуста бийик имараттарды курууга болбой турган шарттары камтылган экен. Бул Аба кодексинде киргизилип калган. Түрдүү пикир жаралып жаткан 5 үй кодексте камтылган талапка кирип калгандыктан маселе жаралууда. Шаар бийлиги 2000 метр аралыкты 500 метрге кыскартып берүү боюнча тийиштүү тараптарга кайрылып жатабыз. Ишкерлерди Жогорку Кеңештин депутаттары менен да жолуктурдук. Эл өкүлдөрүнө да бул маселе боюнча кайрылганбыз», - дейт ал.

Жалал-Абад шаарында 300гө жакын көп кабаттуу үй бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×