Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Талас облусуБакай-Ата району 17.04.2019 16:05 На русском

Күйөөлөрүбүз бирибизди эшиктен, экинчибизди терезеден алып кетишкен: Эгиз медайымдардын кызыктары. Сүрөт

Turmush -  Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылында чоңойгон 22 жаштагы эгиздер — Айсулуу менен Нурсулуу Тынымбековалар турмуш жолуна бир күндө аттанышкан. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы алар менен таанышты.

Нурсулуу айым: Биз 1997-жылы 29-март күнү төрөлгөнбүз. Айсулуу менден жарым саатка биринчи туулган экен. 9-класска чейин Бакай-Ата айылындагы В.Ленин атындагы орто мектебинде окуганбыз. Андан соң Талас медициналык колледжинин медайым бөлүмүндө 4 жыл окудук.

Эгизим экөөбүз турмушка 2015-жылы 17-октябрда бир күндө чыкканбыз. Мен өзүбүздүн айылдык бала менен сүйлөшкөндүктөн үйдөгүлөр билишчү. Кыз узатуу кылабыз деп, экөөбүздүкүн сүйлөшүп, чогуу турмушка кеттик. Үйдөн бизди узатып жатышканда эсте калганы — күйөөлөрүбүз тапсын деп окшош кийинтип коюшкан. Менин жолдошум боюмдун узунун билгендиги үчүн гана таанып, колумдан жетелеп алып чыккан.

Үйдөгүлөр (кайын журтум) базарда соода-сатык менен алектенгендиктен мен ошол жакта көп жардамдашып калам. Эгизимдин кайын журту, жолдошунун таякелери базарга келип калганда мени көрүп, Айсулуу менен адаштырып алышат. Мен Айсулуунун эгизи экенимди билбей, «келинибиз эмнеге жүгүнбөйт, эмнеге учурашпайт?» деп таарынгандар көп болот. Жада калса экөөбүздү окуу жайды аяктаганча мугалимдерибиз айырмалай алышкан жок. Телефондон «үнүңөр дагы окшош» деп айтышат. Экөөбүз ар дайым чогуу болуп көнүп калгангабы жаңы турмушка чыкканда эгизиме телефон чалып эле ыйлай берчүмүн. Жаңы келин болуп көнө албай жүргөнгө ошондой болсо керек деп ойлойм. Эгизим экөөбүз күнүнө бир маал сүйлөшөбүз. Аны көргөн апам (кайын энеси): «экөөң деги сөзүңөр түгөнбөйт, эмнени сүйлөшөсүңөр?» деп күлүп калат. Өзүбүздүн ата-энебизге эч нерсебизди айтпастан, экөөбүз кеңешип эле чечип койгондой болобуз.

Жолдошум Баратов Айтбек 27 жашта. Учурда Талас шаарында жашайбыз. Учурда 1 уул, 1 кыздуу болдук.

Айсулуу айым: Ата-энебиз кичинебизден эгизим экөөбүздү окшош кийинтип чоңойтушту. Экөөбүз тең медайым болобуз деп ошол адистикти тандап окудук. Менин жолдошумдун аты Нурсултан Канатбеков. Бакай-Ата районунун Кызыл-Сай айылына келин болгом. Экөөбүз мен 18 жашымда таанышканбыз. Ал айылга синтезатор (музыкалык аспап) ойноп келген музыкант бала болчу. Ошондо таанышып калганбыз. Сүйлөшүп жүрүп, жарым жылдан соң турмушка чыгуу сунушун киргизген. Ата-энелерибиз акылдашып, эгизим экөөбүздү бир күндө турмуш жолуна узатышкан. Бирибизди эшиктен, бирибизди терезеден алып кетишкен (ушундай атайын ырым бар).

Учурда жолдошум экөөбүз 2 кыздуу болдук.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×