Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Нарын облусуАк-Талаа району 17.04.2019 14:02 На русском

Ак-Талаанын милиция кызматкерлери самбо боюнча облустук турнирде 2-орунду алышты

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнүн 3 кызматкери самбо боюнча облустук турнирде алдыңкы орундарды багындырышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга РИИБден билдиришти.

Маалым болгондой, Нарын облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан милиция кызматкерлери арасында спорттун самбо түрү боюнча мелдеш уюштурулуп, ага катышкан милициянын аймактык ыйгарым өкүлү, милициянын лейтенанты Элисбек уулу Эрнис 1-орунду, коомдук коопсуздук кызматынын кызматкери, милициянын ага сержанты Урмат Баратажиев 2-орунду, экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ага ыкчам өкүлү, милициянын ага лейтенанты Азамат Абдраев 3-орунду алган.

Жалпы командалык эсепте Ак-Талаа РИИБ 2-орунду камсыздашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×