Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Нарын облусуАт-Башы району 16.04.2019 15:13 На русском

Видео, сүрөт — Ат-Башыда 8-класстын окуучусу жолдо чачылып жаткан миңдик акчаларды таап алды

Turmush -  Ат-башылык окуучу жолдо чачылып жаткан акча жана документ таап алып, Ат-Башы РИИБге алып барган, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, ушул жылдын 8-апрель күнү Ат-Башы айылындагы Касыке Мамбеталиев атындагы орто мектебинин 8-классынын окуучусу Эржан Уланбек уулу карындашы менен кетип бара жатып, жолдо чачылып жаткан 13 000 сом өлчөмүндөгү акча жана документ таап алган. Аны дароо Ат-Башы РИИБдин кызматкерлерине алып барып тапшырган. Андан кийин табылган буюмдар ээсине кайтарылды.

Эржандын мындай жакшы иши үчүн Ат-Башы РИИБ мектеп окуучуларынын катышуусунда ардак грамота жана анын ата-энесине, класс жетекчисине ыраазычылык кат тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×