Бөлүмдөр
Жума, 19-апрель
Баткен облусуБаткен району 16.04.2019 14:00

Баткендеги «Айгүл-Таш» коругунда эс алуучулар үчүн шарттарды түзүү маселеси көтөрүлдү (сүрөт)

Turmush -  Кечээ, 15-апрелде Баткен облусунун жетекчиси Акрам Мадумаров Баткен районунун Кара-Булак айылындагы «Айгүл-Таш» ботаникалык коругунун абалы менен таанышып чыкты.

Маалым болгондой, ал жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө эс алуучулар үчүн зарыл болгон негизги шарттарды жаратуу, Айгүл-Тоонун айланасын көрктөндүрүү, айгүл гүлүн даңазалап, туристтерди тартуу үчүн жаңыдан долбоор даярдоо тапшырмасын берди. Ага катар эле айылга келгендер үчүн жолду асфальттоо, унаа токтотуучу жай куруу, атайын тамактануучу жайларды уюштуруу, алардын санитардык жактан тазалыгын сактоо, эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелеринин да үстүндө иш алып баруу керектигин белгиледи.

Ошондой эле айылдын кире беришинде жергиликтүү жаштардын демилгеси менен жасалып жаткан жумуштар менен да таанышты. Алар айылдын кире беришине айгүл гүлү жөнүндөгү уламыштагы каармандар Айгүл кыз менен Козулан баатырдын айкелин жасатып жатышат.

Айгүл гүлү дүйнөдө сейрек кездешкен гүл катары кызыл китепке кирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×