Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Чүй облусуЫсык-Ата району 16.04.2019 13:52 На русском

«Контракт 40 000 сом десем, жалгыз жуучу качып кеткен»: Бактысын жолдон тапкан Назира жеңе

Turmush -  Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун 42 жаштагы тургуну Назира Алагушева өз бактысын шаарга окууга бара жатканда тапкан. Ал аймактык кабарчыга башынан өткөн кызыктуу окуясын айтып берди.

«Мындан 20 жыл мурун студент кезимде айылдан шаарга жол тосуп, аялдамада тургам. Кошуна айылдагы тааныш байке унаасы менен кетип бара жатып, "шаарга ала кетейин" деп калды. Ичимден сүйүнүп, "акчам өзүмдө калат экен" деп отуруп алдым. Студентмин да, акчамды аяп жүргөн кез болчу. Унаага түшөрүм менен колумду сурады. Жанындагы Болот деген досу жолдошум Тургунбекти аябай мактап кирди. Мен болсо бюджетте окусам деле "контракт 20 миң сом, былтыркым дагы төлөнө элек. Ошону менен 40 миң сом төлөшүм керек" десем эле, досу сүйлөй албай, "азыр келем" деп чыгып кетти. Бирок бул шылтоом деле жардам берген жок. Жолдошум бул сунушту кабыл алуумду суранды. Ал кезде балдар дагы, кыздар дагы ыймандуу болчу. Жолдошумду алыстан таанычумун. Ал түз жүргөн, ыймандуу, жоопкерчиликтүү экенин билчүмүн. Ошол себептен баш тарта алган жокмун. Ошентип өз бактымды жолдон тапкам», - деди ал.

Назира жеңе жолдошу Тургунбек менен 20 жыл бирге жашап, 2 кыз, 2 уулдун апасы болду.

«Улуу кызыбыз Калиман Ала-Тоо университетинин 2-курсунун студенти болсо, уулум Камил 7-класста, кызым Касиет 6-класста окуйт. Кенже уулум Каниет 4-класста билим алат. Жолдошум мени ар иште колдоп келет», - деди каарманыбыз.

Ал Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кызыл-Арык айылында 1977-жылы 8-апрелде төрөлгөн.

«Өзүм Карыпбай Курманов атындагы орто мектебинде 2003-жылдан бери эмгектенип келем. 2011-жылы ушул эле мектепте директордун тарбия иштери боюнча орун басары болгом. 1995-1999-жылдары Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен билим алгам.

2013-жылы "Жыл мугалими-2013" сынагында 3-орунду, 2016-жылы "Жыл мугалими-2016" кароо-сынагында 2-орунду алгам. Мындан сырткары, Кыргызстан аялдар конгрессинин ардак грамотасы, Курманжан датканын 200 жылдыгына карата өткөн иш-чарада ардак грамота менен сыйлангам.

Эмгек жамаатыбыз абдан жакшы. Менин экинчи үй-бүлөм десем болот. Ишине берилген, мыкты, таланттуу агай-эжейлер көп», - деди ал.

Назира Алагушева жакында эле өткөн республикалык «Мугалим — коомдун күзгүсү-2019» сынагында «Интернет жылдызы» наамына ээ болду.

«Сынакка 1 жума даярдандым. "Портфолио", "Менин педагогикалык философиям", "Өнөр таймаш", "Суроо-жооп", "Кыргыз улуттук кийимдери" жана бий тапшырмалары болду. Бул сынакка жалпы 11 мугалим катышты», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×