Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Нарын облусуЖумгал району 21.04.2019 21:07

Жаш талант: 12 жаштагы Гүлмира республикалык сынакта граттаж ыкмасында сүрөт тартып, жеңүүчү аталды

Turmush -  Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылынын тургуну, Калык Акиев атындагы орто мектебинин 7-классынын окуучусу Гүлмира Асылбек кызы республикалык сынакта эң татаал граттаж ыкмасында сүрөт тартты. Бул тууралуу анын мугалими Максат Сайнидинов билдирди.

Анын айтымында, Гүлмира Бишкек шаарында өткөн «Ийгиликке карай жол» аттуу республикалык сүрөт сынагына катышкан. Жыйынтыгында белгилүү бир китепканадан 2450 сомго сертификат жеңип алган.

Гүлмиранын апасы Элмира Момбекова кызы бала кезден сүрөт тартып, ага шыгы бар экенин айтты.

«Кызым үй-бүлөдө 5 бир туугандын эң улуусу. Ал бала кезден сүрөт тартат. Мен үй кожойкесимин, атасы Асылбек Тултуков 47 жашта. Дыйкан чарбанын мүчөсү, мал багат. Кызым келечекте котормочу болом деп кыялданат. Бирок бизде чет тилинен ийримдер жок.

Математика сабагынан райондук, облустук, республикалык олимпиадаларга катышып келет. Мектепте эң мыкты окуучу», - деди 37 жаштагы Э.Момбекова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×