Бөлүмдөр
Жума, 19-апрель
Талас облусу, Талас 16.04.2019 12:51 На русском

Коңшулар иш кыла алат бекен деп карап калышат: Немис кызы Н.Шиц ислам динин кабыл алып, кыргыз элине келин болду. Сүрөт

Turmush -  Талас шаарынын 22 жаштагы тургуну Наталья Шиц ислам динин кабыл алып, кыргыз жигитке турмушка чыгып, келиндик милдетин аткарууда. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы жубайлардан кабар алды.

Наталья айым Манас районунун Талас айылында өскөн. 27 жаштагы жолдошу Кубат уулу Нурсултан Талас районунун Талды-Булак айылында чоңойгон. Азыр экөө Талас шаарында жашап, мугалим болуп иштеп жатышат. Жубайлар азыр 1 уул, 1 кыздын ата-энеси болуп калышты.

Нурсултан мырза: Студент кезде көп ырдачумун. Майрамдык кечелерде сахнадан түшчү эмесмин. Ошентип ырдап жүрүп келинчегим менен таанышып калгам. Биз мамлекеттик тил күнүнө даярдык көрүп жаткан учурда таанышып калганбыз. Немистер убакытка так болот эмеспи, «саат 12:00дө келгиле» десе келинчегим айткан убактысында ошол жерде болуп калыптыр. Мен жарым саат кеч бардым (күлүп). Анан ошол жерден сөзгө тартып таанышып калгам.

Башында 2 жыл достук мамиледе болуп жүрдүк. Менин дагы башка дос кыздарым бар болчу. Бирок ошолордун арасынан Наталья суурулуп чыкты (күлүп). Мен башында тамашалап сынай берчүмүн. Ал күлүп эле кутулуп кетчү. Ошол кезде эле мени сыйлап, өзгөчө мамиле жасап, мага ишенчү. Мен дагы жакшы көрүп, ата-энеме эрте эле тааныштырдым. Алар терең ойлонгон адамдар, бизге бакыт каалашты. Атам «Башка улуттан кыз алсаң каныңар тазарып, балдарыңар акылдуу болот. Бизди сыйлаган эле келин болсо болду» деп батасын берген. Дос балдарым дагы аябай колдошуп, Наталья экөөбүздүн үйлөнүп калуубузга салымдарын кошушкан. Экөөбүздүн мамилебиз акырындык менен сүйүү сезимине айланды. Жубайым кыргыз тилин жакшы түшүнчү. Бирок өткөн чак, учур чактан көп адашчу. Азыр үйрөнүп калды.

Экөөбүз 2015-жылы 5-август күнү баш коштук. Эң кызыгы артынан кыз кууп кайын атам жана чоң кайын энем келишти. Чоң кайын энем өтө акылман адам. Кууп келип бизге бакыт каалап кеткен. Той кыргыздын каада-салты менен эле башталган. Өзгөчө коңшуларыбызга кызык болгон. «Башка улуттан келин алыптыр» деген сөз башкача угулуп, келинчегимди көргөнгө аябай кызыгышчу. Ошол адамдардын баталары менен бактылуу жашап жатабыз.

Үйдө атамды айылдаштары немис деп коёт. Анткени немистердей убакытка так. Келини экөө окшош. Кайсыл жерге болбосун өз убактыларында барып калышат (күлүп). Кесип менен өмүрлүк жардан адашпасаң баары өз нугу менен кетет деп коёт эмеспи. Өмүрлүк жарымды тандоодон адашкан жокмун. Көпчүлүк эл «кыргыз кызы калбай калды беле?» деп көп айтып жүрүштү. Кийин келинчегим менен сүйлөшүп, жакындан тааныш болуп калган кийин «туура эле тандаптырсың» деп калышты.

Наталья айым: Биздин үй-бүлө чакан үй-бүлө. Атам кыргызча түшүнөт, кыргыз коңшулар менен көп сүйлөшөт. Биздин аталарыбыз бул жакка согуш бүткөн маалда келип отурукташып калган экен. Ал эми апам кыргызча түшүнөт, бирок сүйлөй албайт. Мен коңшуларым менен ойноп жүрүп кыргыз тилин үйрөнүп алгам. Өзүм 4 бир туугандын экинчиси болом. Менден кийинкилер кыргызча сүйлөшөт, бирок көп эмес.

Жолдошум менен студент кезде таанышкам. Ал убакта күйөөгө тийем деп деле ойлочу эмесмин. Бирок өзүм немис кызы болгондуктан немиске эле турмушка чыгам го деп ойлочумун. Буйрук экен жолдошумду кыргыздан кезиктирдим. Мен «кыргызга келин болом» десем үйдөгүлөр каршы болушкан. «Кыргыздарга кантип келин болосуң» деп аябай кыжалат болушту. Бирок чоң энем артымдан кууп келип, жолдошумду менен таанышып, мага бакыт каалап кеткен. Кыргыздарга келин болуп жатканда ислам динин кабыл алдым. Кайсы жерге барсаң ошол жердин ырын ырдайсың деп айтылат эмеспи. Кыргыздын каада-салттарын, тамак-аштарын жакшы билип калдым. Азыр немистердин каада-салттарын билбейм. Башында аябай эле кыйналып, ыңгайсыз болуп жүрдүм. Бирок коңшулар мени кызыгуу менен карашчу. Жумуш кылып жатканымды көрүшсө кыла алат бекен деп карап калышар эле. Бизде боорсок жасап, кой соймой деген нерселер жок. Ата-энем конокко келгенде аябай таң калып кетишкен. Ата-энемдин үйүнө барганда бизди боорсок жасап, кой союп тосуп алат. Анткени жанындагы кыргыз коңшулардан конокту кандай тосуш керек экенин сурашса алар келип жасап беришет экен. Азыр дагы биз барабыз деп калсак эле коңшуларын чакыртып боорсок жасатып коёшат.

Жолдошума сиз деп кайрылам. Сиз деген сыйлаганга жатат. Башында сиз деп, баш кошкондон кийин сен деген мага ыңгайсыздык жаратты. Башында тамашалап, бир нерсени айтса мен чын көрүп, аткара берчүмүн. Кийин акырындап көнүп, билим калдым. Азыр бешбармак жасап, камыр жууруп жайганды мыкты деңгээлде үйрөнүп калдым. Кайын журтум жакшы адамдар. Кайын атам экөөбүз окшошпуз (күлүп). Үйдөн атам экөөбүз эле убакытка такпыз. Атам «кудам экөөбүз издешпей табышкан адамдарданбыз» деп күлүп калат. Кыргыздарга келин болгонума өкүнбөйм. Мага кыргыз эли абдан жагат. Атам менен апама мыкты келин болууга аракет кылып келе жатам.

Turmush басылмасы буга чейин 2015-жылы Нурсултан менен Натальянын үйлөнүү тоюу жөнүндө жазган болчу. Анда Нурсултан мырза үйлөнүү той орус жана кыргыз тилдеринде өткөрүлгөнүн айткан эле.

«Тойго келген кыздын туугандары абдан ыраазы болуп, бир чети таң калып кетишти. Себеби, алардын салты боюнча мынчалык чоң той өткөрүлбөйт экен. Кыздын алдына түшүү салты аларда жок болгондуктан, эненин сүт акысы үчүн 10 миң сом жана бир кой бердик», - деген ал.

Наталья айым айыл жеринде жашоо ага абдан жаккандыгын айтып, Нурсултанды чын дилинен сүйгөндүктөн ислам динин дагы кабыл алгандыгын билдирген болчу. Ал учурда Нурсултан Кубат уулу Талас мамлекеттик университетинде мугалимдик кесипти аркаласа, Наталья айым ошол жерде студент болчу.

Жубайлар 2016-жылы Эльза аттуу кыздуу болушкан. Наталья айым жогорку окуу жайды бүтүп, мектепте башталгыч класстардын мугалими болуп иштей баштаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×