Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 16.04.2019 12:41

Ысык-Көлдө былтыр экологиялык талапка жооп бербеген 6 пансионат жабылган (тизме)

Turmush -  Ысык-Көл районунда 2018-жылы экологиялык талаптарга жооп бербегендиги үчүн 6 пансионат жабылган. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде Чолпон-Ата шаарында жайкы туристтик сезонго даярдык маселеси талкууланып жаткан семинарда айтылды.

Маалым болгондой, туристтик сезонго чейин ар бир пансионатта, эс алуу үйлөрүндө, санаторийлерде экологиялык, техникалык коопсуздук боюнча текшерүү жүргүзүлгөн. Мындай текшерүүлөр быйыл дагы улантылат.

2018-жылы жабылган 6 пансионаттын тизмеси:

- Чоң-Сары-Ой айыл аймагындагы «Кооператор» пансионаты;

- Бостери айыл аймагындагы «Береке» пансионаты;

- Бостери айыл аймагындагы «Шанхай» пансионаты;

- Бостери айыл аймагындагы «Белек» пансионаты;

- Кара-Ой айыл аймагындагы «Академия наук» пансионаты;

- Бостери айыл аймагындагы «Саякат» пансионаты.

Жыйында маалым болгондой, Ысык-Көл облусу боюнча саркынды сууларды тазалоочу 110 жай болсо, анын 15и иштебей турат. Ал эми Ысык-Көл районунун аймагында саркынды сууларды тазалоочу 86 курулма бар болсо, анын сегизи иштебей турат. Алар толук оңдоп-түзөөгө муктаж.

Туристтик сезонго даярдык маселеси талкууланган жыйынга өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиев, райондун акими Данир Иманалиев, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, мекеме-ишканалардын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, эс алуучу жайлардын жетекчилери катышууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×