Бөлүмдөр
Жума, 19-апрель
Ош облусуКара-Суу району 16.04.2019 16:21 На русском

Окуучу кыз баланын үйүнө өз эрки менен барган: Оштогу «ала качуунун» жаңы жагдайлары (видео)

Ош шаары
Ош шаары
// Turmush

Turmush -  Жашы жете элек кызды ала качуу фактысы текшерилүүдѳ. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сѳз кызматынан билдиришти.

Алардын маалыматына караганда, 15-апрель күнү 52 жаштагы аял Кара-Суу районунун 1998-жылы туулган тургуну анын 2003-жылы туулган жашы жете элек кызын ала качып кеткендиги боюнча Алай райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Ал укук коргоо кызматкерлеринен кызын ала качкан жигитти жазага тартууну өтүнгөн. Ала качуу Ош шаарында болгондуктан арыз ошол эле күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгына ѳткѳрүлүп берилген. Алгачкы тергѳѳ амалдарынын жүрүшүндѳ жашы жете элек кыз суракка алынып, ал «ала качкан жигит менен тааныш экендигин жана ала качкан учурда ѳз эрки менен жигиттин үйүнѳ киргендигин, эч ким күч колдонбогонун» айтып, көрсөтмөсүнө кол коюп берген.

«Учурда эки тараптын кѳрсѳтмѳлѳрүнүн чын-тѳгүнү текшерилүүдѳ. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 177-беренесинин (Никеге турууга мажбурлоо) негизинде катталып, кыздын денесинде жаракаттар бар же жок экендигин аныктоо үчүн соттук-биологиялык экспертизалар дайындалды. Окуянын жагдайларын толук, ар тараптуу изилдѳѳгѳ багытталган ыкчам тергѳѳ аракеттери жүргүзүлүп жатат. Тергѳѳнүн жүрүшүндѳ аныкталган жаңы жагдайлар боюнча кошумча маалымат берилет», - деп айтылат Ош ШИИБдин басма сѳз кызматынын билдирүүсүндө.

Буга чейин Turmush басылмасы Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүнө караштуу Тээке айылынын 23 жаштагы тургуну Ош шаарындагы мектептердин биринде окуган 16 жаштагы кызды ала качып кеткендигин жазган. Бул тууралуу жактоочу Султан Жумагулов аймактык кабарчыга билдирген.

Анын айтымында, окуучу кыз менен 23 жаштагы жигит буга чейин социалдык тармактар аркылуу таанышкан.

«13-апрель күнү аталган жигит менен кыз жолугушуп, шаардагы кафелердин биринен тамактанышкан. Андан кийин клубда эс алышып, кечинде жигит кызды алдоо жолу менен Ж.Райымбеков көчөсүндөгү үйлөрдүн бирине алып барып, зордуктаган. Эртеси, 14-апрель күнү жигит зордуктаганын жашырыш үчүн жана жоопкерчиликтен качуу максатында кызды Тээке айылына ала качып кеткен. Ал жактан кызга психологиялык басым көрсөтүү менен тил кат жаздырышып, жоолук салып, отургузуп коюшкан. Кыздын апасы менен эжеси милиция кызматкерлери менен чөнтөк телефону аркылуу кайсы жерде экендигин таап барышкан. Учурда кыз соттук-медициналык экспертизадан өтүп жатат. Бала тарап кызды "кош бойлуу" деп жатышат, ал эми окуучу кыз "каршылык кылганыма карабай зордуктады" деп айтып жатат. Баланы бошотуп жиберишкенине (укук коргоо кызматкерлери) нааразы болуп жатабыз. Тергөө иштери бүткөнчө ала качуу беренеси боюнча баланы камап туруш керек болчу», - деген окуучу кыздын жакындарынын жактоочусу С.Жумагулов.

Кара-Суу районунун Тээке айылынын башчысы Арзыбай Салибаев окуучу кыздын ата-энесине жуучу болуп барганын айткан.

«Биз жуучу катары кыздын ата-энесинин алдынан өтүп барсак, апасы жолотпой койду. Окуучу кыз 2003-жылы туулган, 16 жашта экен. Жигит кыздын кош бойлуу экенин айтыптыр. Илгери памирлик кыргыздар 15 жашында 2-3 балалуу болушкан. Эгер кош бойлуу болсо, келин кылып эле берип коюшсун. Азыр эжеси кызды кыйнап арыз жаздыртып жатат. Эки жак элдешип алса гана деген ойдобуз», - деген А.Салибаев.

Ал эми кызды ала качкан жигиттин атасы Белек Орозбаев окуучу кыз менен баласы таңкы саат 04:00 чамасында үйүнө барышканын билдирген.

«Балам апасына "кызды алып барам, даярданып туруңуздар" деген экен. Бирок биз анын (кыздын) жашын билген эмеспиз. Келинден "жаш экенсиң" дешсе, "баарына көнөм" дептир. Катты өзү эле жазып берген. Кийин эле апасы, эжеси, агасы 5-6 милицияны ээрчитип келишип, ызы-чуу салып жиберишти. Учурда "элдешели, келин кылып алалы" деп телефон чалсак албай, "баламды каматабыз" деп жатышат», - деген баланын атасы Белек Орозбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×