Бөлүмдөр
Жума, 19-апрель
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 16.04.2019 12:17

Ысык-Көлдөгү пансионаттардан күнүнө 200 тоннадан ашык таштанды чыгарылат

Turmush -  Ысык-Көл районундагы эс алуучу жайлардан күнүнө 200 тоннадан ашык таштанды чыгарылат. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде Чолпон-Ата шаарында жайкы туристтик сезонго даярдык маселеси талкууланган семинарда айтылды, деп билдирет аймактык кабарчы.

Жыйынга өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиев, райондун акими Данир Иманалиев, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, мекеме-ишканалардын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, эс алуучу жайлардын жетекчилери катышууда.

Маалым болгондой, 2014-жылдан ушул күнгө чейин Ысык-Көл районундагы ири пансионаттарда саркынды сууларды тазалоочу 16 жай курулган. Алардын жалпы наркы 3,5 млн долларды түзгөн. Бирок учурда дагы бир катар пансионаттарда мындай саркынды сууларды тазалоочу жайларды куруу зарылдыгы бар.

«Күнүнө райондогу пансионаттардан 200 тоннадан ашык таштанды чыгарылат. Анын 65%ы целлофан, желим бөтөлкө сыяктуу чирибеген таштандылар болуп эсептелет. Азыркы тапта таштандыны сорттоо боюнча иш алып баруудабыз, эми желим бөтөлкө, целлофандар өзүнчө үкөкчөгө салынат. Бул көйгөйдү акырындык менен чечебиз», - деди райондун акими Данир Иманалиев.

Маалым болгондой, былтыркы эс алуу убагында укук коргоо органдарынын 700 кызматкери курорттук аймакта коомдук коопсуздукту камсыздоо багытында иш алып барышкан.2017-жылы Ысык-Көл районунун аймагында 33 адам, 2018-жылы 36 адам сууга чөгүп кеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×