Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Нарын облусуАк-Талаа району 16.04.2019 11:42 На русском

Арча жыттанган караңгылык... Ак-Талаадагы тургундар кимдин мүрзөсүн казышты? Сүрөт

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Кара-Бүргөн айылынын ичинде 4 жерде жайгашкан мүрзөлөрдү аймактык кабарчы сураштырып көрдү.

Аталган айылдын ичинде 4 жерде, тактап айтканда айыл тургундары Бектен Базаркулов, Алик Масылбеков, Сексенбеш Чокморовдун бакчасында жана айылдагы фельдшер-акушердик пунктунун артында бири-бирине окшош, тегерек формасында 4 дөбөчө жайгашкан. Бул 4 дөбөчөнүн 3 дөбөсү бүгүнкү учурда аталган тургундар тарабынан казылып, түздөлгөн. Ал эми ФАПтын артындагы дөбө азыркы учурга чейин турат.

Көп жылдар бою тарых мугалими болуп эмгектенип, учурда ардактуу эс алуудагы Сексенбеш Чокморов аталган дөбөлөр 5-6-кылымдарда жашаган сак уруусуна таандык экенин жоромолдойт.

«Мен эми тарых изилдөөчү деле эмесмин. Бирок билгенимди айтып берейин. Бул дөбөлөр 5-6-кылымдарда жашап өткөн сактардын мүрзөсү деп айтылат. Терең изилдеп көргөндө кыргыздар сактардын тукумубуз. Сак уруусу ошол учурда кыйраткыч күчкө ээ болуп турган. Алар бул жагы Европа, ары жагы Кытай, Индияга чейинки зор аймакты ээлеп турган мамлекетте жашаган. Тарых изилдөөчүлөрдүн жазгандарына таянсак, мындай мүрзөлөр Нарын өрөөнүндө көп. Ал тургай, Европадан дагы кездештиришкен. Алардын жазгандары боюнча, сактар өлгөн адамдын сөөгүн жерге коёрдо ар бири бирден таш кошо коюшчу экен. Мисалы, биз кыргыздар деле адам өлгөндө бир уучтан топурак салып жатпайбызбы. Ошол сыяктуу алар таш коюшчу экен. Кадыр-барктуу, мартабалуу кишинин катышкан адамдары көп болот. Ошол адамга көп киши бирден таш коюшкан дагы, мүрзөсү минтип чоң дөбө болуп калган», - деди С.Чокморов.

Бакчасынан орун алган мүрзөнүн топурак жана ташын курулушка колдонуп, үстүнө жемиш бактарын өстүрүп алган Сексенбеш агай мүрзөнү кантип казганын айтып берди.

«Бул дөбөнү казып көрбөдүмбү. Ага чейин мүрзө экенин деле билген эмесмин. Топурак-ташынан короо-жай салып алдым. Мени көргөн кошуналарым баягы дөбөнүн топурак-ташын ташып башташты.

Бир катмары жалаң жалпак таштар тизилип коюлуп, анын үстү топурак менен көмүлүптүр. Баягы дөбө жердин деңгээлине жеткенде, бир нерсе таап аламбы деген ой менен дагы тереңдетип казып көрдүм. Казсам тегерек чуңкур бар экен. Чуңкурдун үстү арчанын устуну менен жабылыптыр. Устундун диаметри 15-20 сантиметрди түзөт. Устун чирип калганы менен кадимкидей эле арча жыттанып турат экен. Андан башка эч нерсе таппадым. Топурагы майланышып турат. Ошондон улам мүрзө экенине көзүм жетип, тарыхчылардын сактар туурасында жазгандарына салыштырсам, сактардын мүрзөсүнө окшош экендигин байкадым. Мындан башка далилдүү деле эч нерсе жок. Караңгыда бала-чака, аял кишилер ал мүрзөдөн корко баштагандан казылган жерин таш жана топурак менен толтуруп, үстүн түздөп, алма, өрүк, карагат отургузуп салдым. Эч кандай коркунучтуу деле сыр, белгилерди көргөзгөн жок. Бала кезимден бери эле жашап жүрөм, эч кандай коркунучту байкаган жокмун», - деди С.Чокморов.

Ал эми ФАПтын артындагы дөбөнү казып көргөн айыл тургуну Адил Бейшеналиев дөбөдөн адамдын баш жана кабырга сөөктөрүн көргөндүгүн айтты.

«Бир жолу кошунам экөөбүз кепе салалы деп, ал дөбөнү казып, топурагын ала баштадык. Кошунам шиш күрөк менен казып жаткан. Күрөк "бырт" этип бир нерсеге кирип кеткендей болду. Карасак адамдын баш сөөгү экен. Андан башка кичирээк кабырга сөөктөр чыкты. Биз аларды дөбөнүн башка жерине көмүп койдук. Топурагы майланышып турат экен», - деди А.Бейшеналиев.

Ал эми ардагер мугалим С.Чокморов табылган сөөк кийинки эле ачарчылык жылдары көмүлгөн адамдардын сөөктөрү экендигин билдирди.

«Туура. ФАПтын артындагы мүрзөдөн адамдын сөөктөрү чыккан. Ага дагы кызыгып, сураштырып көрдүм. Ал сөөктөр ошол дөбөнүн капталдарына көмүлгөн экен. Бул 1930-1940-жылдардын айланасындагы ачарчылык мезгилге туура келет. Ачарчылыктан өлгөн адамдарды ошол мүрзөнүн капталдарын кичине оюп эле көмө беришкен окшойт. Ачарчылык болуп жатса көр казганга деле алдары жетпесе керек. Ыраматылык энем "ачарчылык жылдары көр казганга күчүбүз жетпей, өлгөн адамдардын сөөгүн жарлардын түбүнө алып барып койчубуз. Жарды кулатып койсок көмүлүп калчу" деп айтып калчу. Менин билгеним эле ушул. Бул мүрзөлөрдү эч ким деле иликтеп көргөн эмес», - деди ардагер мугалим.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×