Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-апрель
Чүй облусуЖайыл району 16.04.2019 10:34 На русском

УКМК подполковникти пара менен кармады: Ал тууралуу эмне белгилүү?

Turmush -  Пара талап кылууга шектүү делип кармалган Жайыл РИИБдин башчысынын орун басары бул кызматка 2017-жылдын июль айынын ортосунда дайындалган.

Ошол убакта Бакыт [аты өзгөртүлдү] милициянын майору болчу. Учурда кээ бир маалыматтарга караганда, ал подполковник наамына ээ.

Жайыл РИИБдин башчысынын орун басары 1984-жылы туулган. Ал Москва районунан которулган. Бакыт бул кызматка чейин Москва РИИБдин кылмыш иликтөө кызматын 5 жыл жетектеген.

Маалым болгондой, милиционер оор жана өтө оор кылмыштардын бетин ачуу иштери боюнча жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп келген. Буга Чүй облусунун милиция кызматынын ичинен Москва РИИБдин 1-2-орундарды ээлеп келгендиги мисал боло алат. Бакыт ИИМ системасында 2006-жылдан бери иштеп келген.

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан Чүй облусунун Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары 35 миң сом өлчөмүндө пара алууга шектелип кармалганы маалымдалган.

АКИpress агенттигине УКМКнын басма сөз кызматынан аталган маалыматты тастыкташып, кармоо ИИМдин кызматкерлери менен бирге жүргүзүлгөнүн билдиришкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×