Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ош облусу, Ош 16.04.2019 10:18 На русском

Эл артисти Ташбек Кудайбердиев дүйнө салды

Ташбек Кудайбердиев
Ташбек Кудайбердиев

Turmush -  Кыргыз Республикасынын эл артисти, Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында 40 жылдан ашуун эмгектенген Ташбек Кудайбердиев узакка созулган оорудан улам дүйнө салды. Бул тууралуу аталган театрдын директору Шералы Бекташов билдирди.

Маалыматка караганда, Ташбек Кудайбердиев кечээ, 15-апрель күнү эртең менен кайтыш болуп, жерге берилген. Ал 1 жылдан бери ооруп жаткан.

Т.Кудайбердиев 1939-жылы Кара-Суу районунда туулган. Ташкент шаарындагы Театралдык институтунда билим алган. Эмгек жолун Нарын музыкалык драма театрынан баштап, андан соң Бишкек шаарындагы улуттук драма театрында иштеген. Ал жалпысынан 30дан ашык спектаклде башкы ролду ойноп, акыркы жолу өзбек жазуучусу Хасан Хусановдун чыгармасынын негизинде коюлган «Ата, кемпир алып берейинби?» деген комедиялык спектаклинда башкы ролду жараткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×