Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Нарын облусуАк-Талаа району 16.04.2019 10:10 На русском

Ак-Талаада 23 жаштагы электрик жумуш учурунда мамыдан кулап каза болду

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа райондук электр ишканасынын жумушчусу электр мамысынан кулап кетип каза болду. Бул окуяны аталган ишканадан тастыкташты.

Райондук электр тармагынын башчысы Таалайбек Турганбековдун айтымында, кечээ, 15-апрелде Баетов айылынын 23 жаштагы тургуну, РЭТтин электр-мантеру Байыш Жаңы-Талап айылында электр чубалгысын алмаштырып жаткан. Ошол учурда электр мамысынан учуп кетип каза болгон.

«Байыш 1996-жылы туулган. Алар Жаңы-Талап айылында электр чубалгыларын алмаштырып жатышкан. Байыш РЭТде 4 жылдан бери иштеп келе жаткан. Азырынча карагайдан эмне болуп учуп кеткенин билбейм. Тийиштүү органдар териштирип жатышат», - деди Т.Турганбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×