Бөлүмдөр
Жума, 19-апрель
Ош облусу, Ош 16.04.2019 15:34 На русском

«Апам элге кошулбайт»: Небереси менен жер төлөдө жашаган 90 жаштагы апанын балдары эмне дейт? (видео)

Санам апанын небереси жана эки кызы
Санам апанын небереси жана эки кызы

Turmush -  90 жаштагы Санам Кыргызбаева майып небереси менен Ош шаарындагы үйлөрдүн бириндеги жер төлөдө жашайт. Бирок анын кичүү уулу жана кыздары апасын кароосуз калтырбаганын, «бизге жакыныраак жашасын» деп айылдан шаарга алып келишкенин билдиришти.

Буга чейин Turmush басылмасы Санам апанын Кара-Суу районундагы Папан айыл өкмөтүнө караштуу Кожокелең айылынын тургуну экенин жазган. Аны айылдан уулу көчүрүп келип, ижарага берилчү үйгө киргизип койгон.

Санам апанын айтымында, келини уулу менен урушуп, 6 айлык кызын талаага үстүн чыптама менен жаап, таштап кеткен. Небересине Махабат деген ысым ыйгарып, өзү багып алган. Учурда Махабат 23 жашка толду. Бирок анын сол колу жакшы жазылбайт жана бир нерсени жакшы кармай албайт, кекечтенип сүйлөйт. Ал эми Санам апа 10 бала төрөгөн. Учурда 3 кызы жана 2 уулу бар. Ал өзүнүн пенсиясына (3 миң сом) жана небересинин жөлөк пулуна (3 миң сом) күн кечирип келээрин айткан.

Анын уулу Маматумар Кыргызбаевдин айтымында, апасы айылда өз алдынча бир топ жылдан бери небереси менен жашап келген. Ал апасы өзү жалгыз жашап көнүп калгандыгын айтты.

«Мен апамды карабай койгон жерим жок. Биз менен жашай бериңиз десем “жок, мен сенин үйүңдө жашай албайм, мен өзүм жалгыз, неберем менен жашайм” дегенинен "мага жакыныраак болсун" деп шаардан ижарага үй таап, кызым менен киргизип койгом. Айылда улуу агам менен кошуна болуп жашачу. Алар отун-суусун камдап берип, каралашып турушчу. Акыркы кездери көп ооругандыктан шаарга алып келип, биз менен жашаңыз дегениме көнбөй койгонунан "мейли" деп бөлүп койгон элек. Ооруган учурда ооруканага 10 күн жаткырып, дарылатып турам. Кызымды да дарылаткам. Ижарага алган үйдүн бардык шарты бар. Жогорку бөлмөлөргө киргизейин десем, ал жакка бийик тепкич менен чыгат экен. "Карыган адам кыйналат" деп жер төлөсүнөн бөлмө алгам. Ал жер жаман эмес, жашаганга ыңгайлаштырылып жасалган. Менин үйүмдө андай шарт жок. Эки кабат үйүм болгону менен толук бүтө элек. Апам жалгыз калган жок, карындашым, эжем болуп кабар алып турабыз. Өзү көнбөсө, "өзүнчө жашайм" деп туруп алса эмне кылмак элем? Той-аштарда да эл менен чогуу отурбайт. Жалгыз жашап көнүп калыптыр. “Кожокелеңге жеткирип койгула” дейт. Ал жер бийик тоолуу болгондуктан тез эле ооруп калат. Менде барып турганга шарт жок. Эмне кылышымды да билбей калдым», - дейт М.Кыргызбаев.

Санам апанын кызы Салима Кыргызбаева дагы инисинин сөздөрүн тастыктады.

«Сиңдим баласы менен өзү жалгыз көп кабаттуу үйдө жашайт. “Апа, менин үйүмө келип жашаңыз" деп айтса, "ал үйдө ажатканага кантип кирем, 2-кабатка кантип чыгам” деп болбой койду. Азык-түлүктөрүн жеткирип берип турабыз. Апамдын жашоосу жөнүндө туура эмес маалымат таратып жаткандар бар. Журналисттерге кандай максат менен "бул кемпир жалгыз жашайт, балдары карабай койгон" деп маалымат берилгенин билбейбиз»,- деди С.Кыргызбаева.

Анын айтымында, апасы небереси менен жер төлөдө 1 айдан бери жашап жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×