Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
Нарын облусу, Нарын 16.04.2019 09:15

Нарын шаарында мыйзамсыз курулуш жүргүзгөн тургунга 16 000 сом айып салынды

Turmush -  Нарын шаарында мыйзамсыз курулуш иштерин жүргүзгөн тургунга айып салынды.

Маалым болгондой, Нарын регионалдык экологиялык техникалык коопсуздук башкармалыгынын мамлекеттик инспекторлору тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн негизинде Нарын шаарынын тургуну Д.Б.га тиешелүү курулуш иштер мыйзамсыз экендиги аныкталган. Ага үч тармак боюнча — мыйзамсыз курулуш үчүн 7 500 сом, экологиялык коопсуздукту сактабагандыгы үчүн 5 500 сом, ыпылас суу түтүктөрүн өзүм билемдик менен кескендиги үчүн 3 000 сом айып салынды. Салынган айып толугу менен мамлекеттин пайдасына өндүрүлдү. Ошондой бир айлык мөөнөт ичинде бардык кемчиликтерди жоюу боюнча эскертүү кагазы берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×