Бөлүмдөр
Жума, 19-апрель
Ош облусуНоокат району 16.04.2019 08:42

Оору, курбулардын тойлорундагы депрессия, ырлар: Шал оорусу менен алышкан Алмакан айымдын каармандыгы. Сүрөт

Turmush -  Ноокат районуна караштуу Т.Кулатов айылынын 43 жаштагы тургуну Таштемир кызы Алмакан бала кезинен бери шал оорусу (ДЦП — детский церебральный паралич) менен алышып келе жатканына карабай, чыгармачылык менен да алектенүүдө. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Төрөлгөндөн эле оору менен алышып келе жатам

Төрөлгөндөн эле шал деген диагноз менен тике туруп баскан жокмун. Ата энемдин алып барбаган дарыгери калбады. Акыры өзүм да тажап, басуудан үмүтүмдү үзбөсөм да жалгыз Аллахка ишенип жашоону чечтим. Башкача айтканда, 17 жашымдан тарта ар каникул сайын дарыгерлерге каттай берүүнү токтоттум. Мектепти 11-класска чейин толук окуп бүтүрдүм. Ден соолугума байланыштуу өзүмдөн 3 жаш кичүүлөр менен окудум.

Ырларым жүрөгүмдөн чыгат

Жаным кыйналса же жүрөгүм бир нерседен капа тартса ыр жазам. 13 жашымдан тарта ыр жазып, калем менен кагазга өз сырларымды бөлүшчү болдум. Бирок ырларымды эч кимге көрсөтчү эмесмин. Бара-бара кыргыз тилчи мугалимим байкап калып, мектеп ичинде уюшулган ийримге катышып, талантымды башка мектептердегилер да байкап, баа бере башташты. Менин ырларымды үзбөй окуп келген апамдын сиңдиси мени бир акын эже менен тааныштырды. Акын Уулбүбү Кабылова эже өзү демөөрчү болуп, менин «Ырларым – менин өмүрүм» аттуу ырлар жыйнагымды чыгарып берди. Бул менин эң кубанычтуу күнүм болду. Мен ошондо чыныгы күндүн жарыгын сезип билдим. Акындык наамын жогорудан албасам да ошол окурмандарымдан алдым. Ошол менин ийгилигим.

Курбуларым турмушка чыккан сайын жалгыз калчудай сезчүмүн

Эс тарткандан эле балдак менен басканым үчүн мен өзүмдү жарым жан сезчү эмесмин. Классташ балдар-кыздар менен тең ойноп, тең жүрчүмүн. Алар барган кечелерге, туулган күндөргө чогуу барып жүрө берчүмүн. Менде депрессия курбу кыздарым турмушка чыгып, өзүм жалгыз кала баштаганда болду. Алардан түбөлүк айрылып жаткан сыяктуу, өзүмдү дүйнөдө жалгыз эле калчудай сезе баштадым. Мага ар бир курбумдун тоюна барып келгенден кийин 1 жумалап эч кимге көрүнбөй ыйлай берчү адат болду. Адам баласы баарына көнөт экен. Ушул убакта мени колдоп, мага таяныч болор бир жан чыккан жок. Апам дарыгер болгонуна байланыштуу мага дос, сырдаш болгонго убактысы болбоду. Иним менден 5 жаш кичүү болгондуктан аны менен сырдашчу эмесмин. Кантсе да эне жүрөгү сезет экен чиркин. Мен 25 жашка чыкканда апам мага сиңдимди белек кылды. Мына ошондо катылып жаткан чеберчилигим, акындык талантыма шерик болуп чыга келди. Жылдар бою сиңдимдин чоңоюшун карап, аны менен алек болуп убакыт өткөнүн сезбептирмин.

Тойдо бийге тарткан жигитти элестетсем боорум ооруйт

Бир курбумдун тою болуп, тойдо отурсам бир жигит бийге тартты. «Бийлей албайм» десем такыр көнчүдөй эмес. Анан жанымда турган балдагымды карматып койдум. Эмне айтарын билбей, 1 саат жанымдан жылбай, үнсүз-сөзсүз отуруп калды. Ал жигиттин абалын азыр элестетсем боорум ооруйт.

Кол өнөрчүлүктү башкаларга да үйрөтсөм дейм

Сайма сайып, токуу менин бир тараптан кесибим болсо, бир тараптан хоббим. Келечекте колумдан келген чеберчилигимди үйдөн чыга албай, жашоодон үмүт үзүп, «колумдан эч нерсе келбейт» деп жашап жаткан кыздарга үйрөтсөм дейм. Экинчи максатым — дагы далай китептерим чыгып, кыргыз эл акыны болуп, артымдан туяк калбаса да атымдын калышын каалайм.

Акын-чебер бийкеч үй-бүлөдө 3 бир туугандын улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×