Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Чүй облусуЧүй району 15.04.2019 19:33 На русском

Чүйдөгү эс алуу бычакташуу менен аяктады

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Чүй облусунда таанышына бычак сайып, жарадар кылгандан кийин качып кеткен шектүү адам кармалды. Жабырлануучу ооруканага жеткирилгенин Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Милиция кызматкерлерине 14-апрелде саат 07:10 чамасында телефон чалуу болуп, райондук ооруканага Чүй айылынын С.М. аттуу 39 жаштагы тургуну учтуу буюмдан жаракат алып жеткирилгени кабарланган. Ыкчам иликтөө иштери башталып, Бул факты Чүй РИИБ тарабынан Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КРнын Жазык кодексиндеги 266-берене (бейбашчылык) менен катталган. Тиешелүү экспертизалар да дайындалган.

Көп узабай бул кылмышка шектелип Ысык-Ата районунун 34 жаштагы тургуну Т.Б. кармалды. Алгачкы тергөө иштеринде белгилүү болгондой, жабырлануучу менен шектүү тааныш болушкан. Окуя болгон күнү алар бирге эс алып жүрүшүп, ортодо чыр-чатак жаралган. Анын кесепетинен бири экинчисин бычактап салган.

Шектүү Токмок шаарындагы абакка убактылуу камакка алынып, тергөө иштери улантылып жатат.

Шектүү

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×