Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Ысык-Көл облусуТүп району 15.04.2019 18:08 Жаңыланды: 20.04.2019 15:08

Айыл турмушу: Саяпкер Б.Токтосуновдун 20 миң долларлык күлүгү мелдештен унаа утту (сүрөт)

Turmush -  Түп районундагы Михайловка айылынын тургуну Бердике Токтосунов 7 жылдан бери күлүк таптап, саяпкерлик кылып келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал кичине кезинен бери эле көк бөрү ойнойт, кийин күлүк таптоо менен алектенип баштаган. Анын Сатина аттуу күлүгү бир жашынан бери мелдештерге түшүп, жеңиштерди багындырып келет. Акыркы жолу Чүй облусундагы мелдеште баш байгеге коюлган «Жигули» унаасын утуп алган.

Бердике Токтосунов күн сайын уулу Бекназар менен күлүктөрүн карап, аларга жем, чөп, суусун берип турушат. Мелдештерге даярдоо үчүн атайын көлдүн жээгине алып барып машыктырат.

«Сатина таза кандуу күлүк болгондуктан аны 20 миң долларга сурап келишкенде бербей койдум. Бир жашынан баштап мелдешке түшүп, бир катар акчалай сыйлыктарды утту. Азыр да мелдешке даярдап жатабыз. Уулум Бекназар чабандес, ал дагы күлүк таптаганды үйрөнүп жатат. Жакында эле Чүй облусунда өткөн мелдеште «Жигули» унаасын утуп келдик», - деди Бердике Токтосунов.

Күлүк таптоону үйрөнөм деген айыл тургундары Бердике Токтосуновго кайрылып, кеңеш сурап турушат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×