Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Ош облусуКара-Суу району 15.04.2019 17:16 На русском

1,5 млн сом үчүн чор баскан буттар: Бишкекке жөө жөнөгөн 2 аял үйүнө кайтты (сүрөт)

Орозокан Токторалиева жана Гүлнара Мирзакеримова
Орозокан Токторалиева жана Гүлнара Мирзакеримова
// Turmush

Turmush -  Бишкекке жөө бара жаткан О.Токторалиева менен Г.Мирзакеримова артка — үйүнө кайтышты, деп билдиришти өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн.

Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Шарабидин Капаров менен соттошуп жаткан Орозокан Токторалиева жана Гүлнара Мирзакеримова жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө нааразычылык билдиришип, 8-апрель күнү Ош шаарынан Бишкекти көздөй жөө жөнөп кетишкен болчу.

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбек кызынын айтымында, кара-суулук 2 аял айыл өкмөт башчысы менен элдешип, үйлөрүнө кайтып келишкен.

«Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаевдин тапшырмасына ылайык, Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Байыш Юсупов Алишер аттуу жергиликтүү тургунду жөнөтүп, эки аялды артка, үйлөрүнө алып келишти. Айыл өкмөт башчысы соттошуп жаткан аялдарды кечиргенин билдирди. Учурда аларга жер берүү маселеси да каралууда. Аталган эки аял учурда үйлөрүндө, өз жумуштары менен алек», - деди Н.Кадырбек кызы.


Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы аталган 2 аял менен Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл өкмөтүнө караштуу Совет айылында жолугушуп, алар менен бирге Ноокен районунун Бирлик айылына чейин басып барган. Айрым маалыматтарга караганда, ошол эле күнү аялдардын аркасынан келишип, аларды үйлөрүнө алып кетишкен.
Село Советское Базар-Коргонского района

Орозакан Токторалиева менен Гүлнара Мирзакеримова айыл өкмөттөгү жер маселеси боюнча Жогорку Кеңешке, райондук жана облустук прокуратурага кайрылышкан. Андан кийин айыл өкмөткө тынымсыз текшерүүлөр келе баштаган. Айыл өкмөт башчысы Ш.Капаров жергиликтүү эки жашоочуну сотко берип, 1,5 млн сом компенсация талап кылган.

Буга чейин Орозакан Токторалиева сот иштерине алар гана барып жатканын, айыл өкмөт башчысы катышпай жатканын билдирген. Эки аял президентке жолугуу үчүн 8-апрелде Ош шаарынан Бишкекти көздөй жөө жөнөшкөн. Кара-Суу районунун акиминин орун басары Мехриниса Жороева баш болгон бир нече адам алардын жолун Ноокаттан тосуп, артка кайтарууга аракет кылышкан эле.

«Биз көздөгөн максатыбыздан артка кайтпайбыз. Районду уят кылып жатасыңар деп, алдыбызды тосуп чыгып, бизге тоскоолдук кылышты», - деген О.Токторалиева.

Ал эми Кара-Суу районунун акиминин орун басары Мехриниса Жороева алардын жолун тосуп, артка кайтарууга аракет кылганын тастыктаган.

«Айыл өкмөт менен болгон чырды чечип берүүгө аракет кылалы», - деп сунуш киргизгенин билдирген М.Жороева.

Буга чейин Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүндө жер тилкелер мыйзамсыз сатылып жатканы боюнча бир нече жолу айтылган. Бирок бул сөздөрдү айыл өкмөт башчысы Шарабидин Капаров четке кагып келет. Ал аялдардын аракети соттук отурумдан кутулуунун айласы экенин айткан.

«Булар былтыр менин үстүмдөн бардык органдарга арыз жазышкан. Ошондуктан мага 15 органдан текшерүү келген. Бирок алар кыңыр иш табышкан эмес. Анан мен бул аялдардын жоопкерчилигин кароо боюнча Кара-Суу райондук сотуна кайрылгам. Сот процесси башталды. Булар 4 отурумга барбай, 1 эле отурумга барышты. Эртең дагы соттун отуруму болмок. Ошондуктан булар ага барбоонун айласын кылып, ушул иштерди жасап жатышат», - деген Ш.Капаров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×