Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-апрель
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 15.04.2019 17:12

Ак-Сууда 64 гектар жер үчүн суу бөлүштүргүч канал жасалды

Turmush -  Ак-Суу районунда 64 гектар жерди сугаруу үчүн суу бөлүштүргүч канал жасалды.

Айыл башчысы Эркин Кыдыргычевдин айтымында, суу бөлүштүргүч Кереге-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Чоң-Жергез айылынын тургундарынын демилгеси менен жасалды.

«Канал союз маалында курулгандыктан суу бөлүштүргүчтөр эскирип бүткөн. Андан улам жер сугарган сайын жыгач, таш коюп, суунун нугун буруу оор болгон. Азыр тургундар өз каражатына жаңы бөлүштүргүчтөрдү салды. Ал аркылуу айылга тийиштүү 64 гектар жерди сугарууга болот», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×